8 жашында концлагерге түшкөн Вера апа: фашисттер бизден кан алып, аскерлерин дарылачу

© Фото / из личного архива Веры Мусиенко8 жашында концлагерге түшкөн Вера Мусиенко
8 жашында концлагерге түшкөн Вера Мусиенко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
11-апрелде дүйнө жүзүндө фашисттик концлагерлерден туткундардын бошогон күнү белгиленет. Колумнист Алмаз Батилов 8 жашында концлагерге түшүп, ит көрбөгөн азапты башынан кечирген Вера Мусиенко менен баарлашты. Вера апа азыр Каракол шаарында жашайт.

1933-жылы Гитлер бийликке келип, дароо эле антифашисттер менен еврейлерди жок кылуу үчүн концлагерь курууга белсене киришкен. Биринчиси 1933-жылы мартта Мюнхендин жанындагы Дахауда курулган. Экинчи дүйнөлүк согуштун алдында Германиянын концлагерлеринде жана түрмөлөрүндө 300 миң антифашист камалган, алар немистер, австриялыктар жана чехтер эле. Андан соң Германияда жана басып алынган аймактарда 14 миң концлагерь курулган. Бул жерде аскердик туткундар, антифашисттер, еврейлер, жай тургундар жана жашы жете элек балдар кармалган. Мындай тозоктон 18 миллион адам өткөн, анын 5 миллиону СССРдин жарандары эле. 11 миллион туткун мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

Гитлердин түрмөсүнө түшкөн туткундар адам чыдагыс шартта жашашкан. Фашисттер алардан кан алып, оор жумуштарын жасатып, ар түрдүү медициналык эксперименттерден өткөрүп, крематорийлерде өрттөшкөн.

Булардын арасында жашы жете элек туткун балдар да бар эле. Алар да чоңдор сыяктуу бүт запкыны тартышкан. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда концлагерлерден кайтып келген 17 жашы жете элек туткун балдар бар. Булардын бири Вера Мусиенконун өмүр жолу жөнүндө караколдук кесиптешибиз Равиль Вахитов орус тилинде "Үйгө карай узак жол" аттуу чыгармасын жазган.

© Фото / из личного архива Веры МусиенкоВера Мусиенко. Концлагерден кутулгандан кийин. Белоруссия ССРи, Гродно
8 жашында концлагерге түшкөн Вера апа: фашисттер бизден кан алып, аскерлерин дарылачу - Sputnik Кыргызстан
Вера Мусиенко. Концлагерден кутулгандан кийин. Белоруссия ССРи, Гродно

— Вера апа, кандайча туткундалып калдыңыз?

— Улуу Ата Мекендик согуш башталганда мен сегиз жашта элем. Ошол жылы июнь айында биздин үй-бүлө Труд айылынан облустун борбору Новгород шаарына көчүп келген. Согуш башталардын алдында мен ич келте менен ооруп, ооруканага жатып калдым. Германия СССРге кол салганда эле шаарга абадан cоккулар башталды. Медайымдар бизди ооруканадагы жер төлөгө жашырышты. 10-августта көрөйүн деп келген атама дарыгерлер мени тезирек үйгө алып кетүү керектигин айтышат. Башка ата-энелер балдарын четинен алып кете башташкан. Кийимдериме кеткен атам кайра кайтып келген жок...

Новгород аркылуу Волхов дарыясы агып өтөт, калаанын эки өйүзүн көпүрөлөр бириктирет. Ал көпүрөлөрдү фашисттик замбиректер менен авиация талкалап салып, ушул себептен байкуш атам келе албай калыптыр.

Совет бийлиги жакындарымды Коми АССРине эвакуациялап ийген экен. Тилекке каршы, советтик жоокерлердин алы жетпей артка, Ленинградды көздөй чегинет. 19-августта Новгородго Германиянын армиясы кирип келген. Менин балалагым бүткөн күн деп айтсам болот...

Афган согушунун ардагери Жаныбек Бакиров (оңдо) - Sputnik Кыргызстан
Бутумду кучактап "кыргызга салам айт" деп ыйлаган кандаш. Афганчылардын баяны
Баскынчылар дароо ооруканага аскердик госпиталь жайгаштырып, мага окшогон мектеп жашына жете элек жети баланы көчөгө кубалап чыгышты. Биз эмне кыларыбызды билбей фашисттердин көзүнө көрүнбөштүн амалын издеп, көрүнгөн жерде түнөп жүрдүк. Бирок оорукананы айланчыктап, ал жердеги огороддон сабиз, пияз уурдап жеп, күн көрүп жаттык. Ачкабыз да. Ошондой эле фашисттердин госпиталдан артып таштандыга ыргыткан тамак-ашынын арасынан калдыгын жана картошканын кабыгын жедик. Мунун айынан ичибиз көөп канча кыйналдык. Бизди госпиталдын немис кызматкерлери көрүп калса тепкилеп, кубалашчу.

Арабызда үч жашар Юра Тимофеев деген бала бар эле. Бир жолу аны бир фашист көмөлөтө койду. Ошол күнү баарыбыз туш тарапка качып, чилдей тарадык. Мен болсо кичинекей Юраны ээрчитип качтым. Экөөбүз Новгороддон чыгып, жолдун боюндагы айылдардан кайыр сурап күн көрдүк. Айрымдары боору ооруп бышкан картошка, сүт берсе, кээ бири "куу тумшуктар, өзүбүзгө тамак жок!" деп кубалаган күндөр да болду. Бирөө да үйүнө жаткырбай койду. Кокусунан алыскы бир кыштакта Дуся деген аял көрүп, боору ооруп бизди үйүнө алып кирип жуундуруп, кийинтип, курсагыбызды тойгузду. Көрсө анын балдары фронтто экен. Ошон үчүн Дуся апа энелик мээримин төгүп, өз балдарындай көрсө керек. Бир күнү ал Новгородго кетип ошо боюнча дайынсыз жок болду. Айлабыз кеткенде Юра экөөбүз ал үйдөн чыгып фашисттерден жашындык. Бирок мотоциклчен немистер бизди көрүп калып, Новгороддун жанындагы Колмово концлагерине алып барышты. Ал жерде туткунга түшкөн советтик офицерлер, жоокерлер, жай тургундар жана жашы жете элек балдар бар экен. Ошентип туткундалып калдык.

© Фото / из личного архива Веры МусиенкоВера Мусиенко (оң жакта) классташтары менен сабак окуп жаткан учуру. Белоруссия, 1950-жылдын күзү.
8 жашында концлагерге түшкөн Вера апа: фашисттер бизден кан алып, аскерлерин дарылачу - Sputnik Кыргызстан
Вера Мусиенко (оң жакта) классташтары менен сабак окуп жаткан учуру. Белоруссия, 1950-жылдын күзү.

— Фашисттер чоңдорго да, балдарга да бирдей эле катаал болчу деп айтышат...

— Өзгөчө алардын славян улутундагы полицай болуп иштеген желдеттери туткундарды тепкилеп, кыйнап кордук көрсөтчү. Суроо-сопкуту жок эле ит аткандай атып салган учурлары көп болгон. Кыштын күнү туткунга түшкөн советтик аскерлер кие турган кийими, өтүк жок, буттарына чулгоо оронуп аркан менен таңып алышчу. Мындай кордукту бизге дагы көрсөтүшкөн. Баскынчылар Ленинградды басып албаганына ичи күйүп, бизден өч алышкан. Концлагердин кире беришинен баштап барак үйлөргө чейин жол салдырышты. Немистер алы жок араң кыймылдаган кенедей балдарды да таш ташытып, барактан чыгарып көчөнү шыпыртчу. Ошол маалда фашисттер овчаркаларын чыгарып, бизди көздөй коё беришчү. Иттер үрүп ырылдап тытып жечүдөй болуп келгенде, жүрөгүбүз түшүп чурулдап ыйлаганда гана каткырып, моокуму кана овчаркаларын кайра өзүнө чакырып алышчу. Сууга бышкан картошка жана итке берчү жугунду менен тамактандык. Улуу-кичүү дебей, улутка бөлбөй ынтымактуу жашап, акыркы нанды тең бөлүшүп жечүбүз.

— Баягы кичинекей Юра менен эле чогуу болдуңуздарбы?

— Ооба, Юра, Лидия Порошина үчөөбүз бир туугандай болуп калдык. Мен Тимофеевге сүйлөгөндү үйрөттүм. Ошондон улам ал мени энесиндей көрчү. Кээ бирде туткун жоокерлер көңүлүбүздү көтөрүш үчүн жашынып бизге кат жазып жиберишчү. Алардын катында: "Саламатсыңарбы чырактарым, чыдагыла, үмүтүңөрдү үзбөгүлө, жакында Кызыл Армия бизди туткундан алып чыгат" дегенин окуп төбөбүз көккө жетип калчу. Ошентип 1941-жылдын жайынан 1943-жылдын күзүнө чейин Колмоводогу концлагерде болдук.

— Новгороддон кийин кайсы концлагерге түштүңөр?

© Фото / из личного архива Веры МусиенкоВера Мусиенко кесиптештери менен концерт тартуулап жаткан учуру. 1957-жыл.
8 жашында концлагерге түшкөн Вера апа: фашисттер бизден кан алып, аскерлерин дарылачу - Sputnik Кыргызстан
Вера Мусиенко кесиптештери менен концерт тартуулап жаткан учуру. 1957-жыл.

— 1943-жылы күзгө жуук Ленинград блокададан чыгарына көзү жеткен фашисттер Колмоводогу концлагердеги кары-картаң, балдары бар аялдарды жана жашы жете элек туткундарды мал ташычу кууш вагондорго салып Латвияга жөнөттү. Бизди вагондорго тыгып салган, анын ичинде даараткана, отургуч дегендер болгон эмес. Баарыбыз турган боюнча кеттик.

Вагондо бараткан туткундардын арасында "баарыбызды Германиядагы концлагерге алып барып, өлтүрүп, самынга айландырат" деген сөз жүрөгүбүздүн үшүн алды. Азыркы күндө да ушул сөз чын эле болуш керек деп ойлойм. Жолдо көп туткун өлдү. Фашисттер өлүктөрдү вагондон алып чыгып, талаага ыргыта беришчү. Юра, Лида үчөөбүз бири-бирибизди бекем кучактап, далай ыйладык. Менин түшүмө атам экөөбүз жолугуп жатканыбыз көп кирди. Бул түштөр мага кадимкидей үмүт берчү.

Немистер чоң станциялардан токтоп, тамактын ордуна бир кружкадан кайнатылган суу беришчү. Аны да тезирек ичкиле деп кыйкырып турушар эле. Ага кошумча болуп жолдон Женя деген полицай аял колуна эмне тийсе ошону менен сабап турчу. Биз бир аз убакыт Латвияда болдук. Ошол учурда белоруссиялык партизандар туткундарды фашисттер Германияга алып кетерин билип, темир жолду жардырып салышкан экен. Немистердин айласы түгөнүп бизди Батыш Белоруссияга жөнөтүшөт. Ал жерден кары-картаңдарды атып, энелеринин колунан балдарын жулуп, белгисиз жакка алып кетишет. Ошондогу энелердин ботодой боздогону али да кулагыма жаңырып турат. Калган вагондогу балдарды Белоруссиядагы башка концлагерлерге жөнөтүштү. Ал эми жүздөн ашык жашы жете элек туткун балдарды катарга тизип фашисттер менен полицайлар айдап кетишти. Алардын арасында биз да бар элек. Жолдо бир аз артта калган балдарды мылтыктын кундагы менен уруп сабашты. Ачкабыз, алыбыздын жетишинче илкий басып бараттык. Мен Юранын колунан бекем кармап, Лида менен колтукташып бири-бирибизге жөлөк болуп жүрүп отурдук. Немистер такыр баса албай же ооруп калган балдарды атып салып кете беришти. Ошентип араңдан зорго Гродно аймагындагы Кореличи айылынын жанындагы концлагерге жеттик.

© Фото / из личного архива Веры МусиенкоВера Мусиенко курбусу менен Фрунзе шаарында. 1958-жыл
8 жашында концлагерге түшкөн Вера апа: фашисттер бизден кан алып, аскерлерин дарылачу - Sputnik Кыргызстан
Вера Мусиенко курбусу менен Фрунзе шаарында. 1958-жыл

— Ал жактагы кордук деле мурункудан кем калбаса керек...

— Атайын биз үчүн тигилген кийим, башыбызга кездеме шапке, таманы жыгачтан жасалган оор бут кийим беришти. Тактайдан жасалган эки кабат керебетке жаттык. Күнүнө эки маал чириген жашылча-жемиштен жасалган ботко жедик. Аты-жөнүбүздөн эмес, ар бирибизге номер ыйгарган, ошол номер менен чакырышчу. Дарыгерлер такай өзүлөрүнүн жарадар болгон жоокерлери үчүн бизден кан алчу. Андан кийин оозубуз кургап, бир топко чейин эсибиз ооп тура албай калчубуз. Анысы аз келгенсип, немис кароолчулар жана полицайлар камчы менен сабап рахат алышчу. Барак үйлөрдө көп балдар ачкадан, оорудан жана тепкиден өлдү. Эртең менен, кечинде жексурлар тизелетип фашисттик Германиянын гимнин ырдатып, баш тарткандарды чыбык менен сабашчу. Концлагерден качкан балдарды кармап, көк ала койдой жанчып, көп учурда өлтүрүп салчу. Ишенесиңби балам, биздин көзүбүздөн жаш да чыкпай калган...

Улуу ата мекендик согуш. Архив - Sputnik Кыргызстан
2 млн. жылкы өлгөн... Улуу Жеңишке Монголиянын кошкон салымы
Ошого карабастан кечинде чогулуп, согушка чейинки балалык күндөрүбүздү эстеп, көнүлүбүздү көтөрчүбүз, акырын үн чыгарып көөдөндөгү кайгы менен муңду аралаштырып ырдачубуз. Тамакты талашпай, тең бөлүштүрүп жээр элек. Кээ бирде фашисттер плацка нанды үйүп, бизди тегерете бастырып шылдыңдачу. Токочтун жытынан башыбыз тегеренип, көзүбүздү жумуп алып басчубуз. Эгерде бирөө нанга кол сунса, аны мыкаачылар бир муштап, колго чабышчу. Концлагерде немистерге жагалданып, теги поляк жергиликтүү тургундар иштээр эле. Алар бизди СССРдин балдары деп жек көрчү, ошондон улам ар кандай шылтоо таап, таяктап турушчу. Бизди Германияга кул кылып алып кетерде белорус партизандары жолтоо болуп турду. 1944-жылы июлда Кызыл Армия концлагерден бизди бошоткон. Мен белорус партизандарына жана советтик аскерлерге ичер суум калгыча миң мертебе ыраазымын. Алар бизге экинчи өмүр тартуулады.

— Концлагерден бошогондон кийин бөбөгүңүз Юра менен курбуңуз Лида жаныңызда калдыбы?

— Адегенде концлагерден бошогон туткун балдардын көпчүлүгү Кореличи кыштагындагы балдар үйүндө окушту. Биринчи жолу мектепке он жашымда бардым, мага окшогон балдар мектепте көп эле. Көп ата-энелер балдарын издеп таап, алып кетип жатышты. Ата-энесин тааныбай калган учурлар болгон. Юраны да ата-энеси тапты. Адегенде ал аларды тааныбай качып, мени апа деп жаныман чыкпай койду. Бара-бара Юра ата-энесине көндү. Анын ата-энеси мага үй-бүлөмдү табууга жардам беребиз деп убада берип кетишкен. Бирок тагдыр бизди кайра жолуктурган жок. Бүгүнкү күндө да Юранын тагдыры кандай болду экен деп көп ойлойм.

Согуш учурунда жана андан кийин да белорустар өтө жакырчылыкта жашашты. Ошентсе да жергиликтүү калк балдар үйүнө колунан келген жардамын аяган эмес. Курбум Лида экөөбүз балдар үйүндө аягына чейин чогуу окудук. Андан соң мен Латвиядан полиграф училищесинен окуп, Фрунзе шаарына келип, 1958-жылы бул жерден турмушка чыктым. Азыркы учурда курбум Лида Белоруссияда жашайт. Ал педагогикалык институтту бүтүп, өмүр бою мугалим болуп иштеди.

© Фото / из личного архива Веры МусиенкоМусиенко: Ата-энемди издеп ар кайсы ведомстволорго кат жазып жаттым. "Новгород правдасы" гезитине кат жаздым, эки жума өткөндө ушул басылманын журналисти Надежда Попович-Смородина ал жактагы бир тууган таежем аркылуу Эстониядан үй-бүлөмдү таап берди...
8 жашында концлагерге түшкөн Вера апа: фашисттер бизден кан алып, аскерлерин дарылачу - Sputnik Кыргызстан
Мусиенко: Ата-энемди издеп ар кайсы ведомстволорго кат жазып жаттым. "Новгород правдасы" гезитине кат жаздым, эки жума өткөндө ушул басылманын журналисти Надежда Попович-Смородина ал жактагы бир тууган таежем аркылуу Эстониядан үй-бүлөмдү таап берди...

— Ата-энеңизди таптыңызбы?

— Ата-энемди издеп ар кайсы ведомстволорго кат жазып жаттым. Кат жазган сайын "маалымат табылган жок" деген жооп келип жатты. Айлам кетип караколдук журналисттерге кайрылдым, алар новгороддук кесиптештерине кат жазып көрүүнү сунушташты. Ошентип "Новгород правдасы" гезитине кат жаздым, эки жума өткөндө ушул басылманын журналисти Надежда Попович-Смородина ал жактагы бир тууган таежем аркылуу Эстониядан үй-бүлөмдү таап берди...

1959-жылы март айында Таллин шаарына барганда шашып толкуданып жатып ата-энемдин дарегин үйүмдө унутуп коюпмун. Эмне кыларымды билбей, эстондуктарга кайрылып, өзүмдүн ата-энеме келгенимди айтып бердим. Алар "сенин тагдырың жөнүндө гезиттен окуганбыз, ата-энеңди тааныйбыз" деп мен издеген даректи таап беришти. Ошентип бейтааныш адамдардын жардамы менен ата-энем жана бир туугандарыма Таллин шаарынын жанындагы Рапла темир жол станциясында жолуктум... 18 жылдан кийин жашоодогу кыялым ишке ашты.

— Алар да сизди издешсе керек?

— Ооба, 1944-жылы 20-январда Кызыл Армия Новгородду фашисттерден бошоткондон кийин ата-энем Комиден кайра көчүп келип мени издептир. Бирок бизди Германияга алып кетип, жок кылышкан деген сөзгө ишенип, мени өлдү деп түңүлүшкөн экен.

Менин тагдырым ушундай болсо керек, ошон үчүн мен ата-энемди эч качан күнөөлөгөн жокмун. Тагдырыма ыраазымын, себеби үй-бүлөмдү таптым. Мага окшогон фашисттик концлагерлерден бошоп чыккан туткун балдардын далайы оор тагдырга туш болушту, көпчүлүгү ата-энеси менен бир туугандарын таппай да калды.

"Новгород правдасы" гезитинин журналисти Попович-Смородина курбум Лиданын да ата-энеси менен бир туугандарын таап берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0