Карантинде 1-класска электрондук каттоо жүрө береби? Түшүндүрмө

© Sputnik / Табылды КадырбековБиринчи класстын окучуулары. Архив
Биринчи класстын окучуулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электрондук каттоо 15-февралда башталган. Ата-энелер министрликтин сайтындагы "Статистика" деген бөлүмдөн ар бир мектепке канча бала катталып, канча орун калганын көрө алышат. Каттоо 15-августта бүтөт.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Карантин учурунда мүмкүнчүлүгү бар ата-энелер балдарын мектепке 1-класска электрондук түрдө каттай берсе болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Торжественная линейка в средней школе № 82 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин мектептеринде 1-класска канча орун бар? Тизме
Ага ылайык, ушу тапта карантинге карабай, балдарды 1-класска электрондук каттоо жүрүп жатат. Бирок 22-апрелге чейин арыздар каралбайт.

"Ал эми 1-класска электрондук түрдө катталып, документтери туура болуп, бирок мектепке документтерин тапшыра элек ата-энелер 22-апрелден тарта жеткире алат", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, электрондук каттоо 15-февралда башталган. Ата-энелер министрликтин сайтындагы "Статистика" деген бөлүмдөн ар бир мектепке канча бала катталып, канча орун калганын көрө алышат. Каттоо 15-августта бүтөт.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттиги электрондук каттоонун тартиби, жол-жобосу боюнча макаласын жарыялаган. Андан ата-энелер керектүү суроолоруна жооп таба алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0