Эмнеге COVID-19дан адамдар көп өлүүдө? Илимпоздордун аныктамасы

© Sputnik / Алехандро Мартинез Велез / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер бейтапты ооруканага жеткирип бара жатат. Архив
Медициналык кызматкер бейтапты ооруканага жеткирип бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Англиялык эксперттер адамдын организминде коронавирустун тездик менен өөрчүү себебин аныкташты, бирок аны дарылоонун жолу табыла элек.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Лондон университетинин ооруканасынын адистери (UCL) COVID-19 инфекциясынан көз жумгандардын саны мынча көп экенин түшүндүрүп беришти. Макала Khaleejtimes басылмасына чыкты.

Аталган оорукананын адиси Джессика Мэнсондун айтымында, бул оорунун башкы феномени адамдын организмин аз убакыттын ичинде алсыратып коюучу "цитокиндер бороону" болуп эсептелинет. Оорулуунун абалы 7-8 күндүн ичинде начарлап кетет.

Цитокиндер — бул гормон тибиндеги белок менен пептиддердин тобу.

"Вирус өпкөгө киргенде цитокиндер чыгып, өпкөнүн "гиперинфляциялык бороонун" чакырат. Мындай процесс адамдын өмүрүн алып коюшу толук мүмкүн", — деген эксперт.

Ситуация в Великобритани в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Ошто коронавирус жуктургандардын арасында кош бойлуу келин бар
Мэнсон белгилегендей, цитокиндер иммундук системанын бир бөлүгүн түзөт. Анын ашыкча көп болушу организмге зыян жана анын "жарылуусуна" алып келет. Эксперттер коронавирустун адамдын организминде тез өөрчүп кетүү себебин аныктаганы менен Айова университетинин иммунологдору ага каршы натыйжалуу дары-дармектин жоктугун моюндашууда.

Өпкөнүн гиперинфляциясы — бул анын ашыкча абага толуп же кеңейип кетишин билдирет. Мындай жол менен өпкө дем чыгара албай калат. Ал ар бир дем алган сайын толуп, кеңейе бергендиктен организм зыянга учурайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0