Кыргызстанда 13-апрелде соода түйүндөр, өнөр жайлар ачылат деген калп!

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги соода борбору өзгөчө абал учурунда. Архив
Бишкектеги соода борбору өзгөчө абал учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин соцтармакта жана мессенджерлерде 13-апрелден тарта өнөр жай, соода түйүн, дүкөн, фитнес-борборлор акырындык менен иштей баштаары тууралуу маалымат тараган.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. 13-апрелден тарта өлкөдө ишканалар акырындык менен иштей баштайт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Бишкек комендатурасынын маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / Пресс-центр комендатуры г. БишкекБуга чейин соцтармакта жана мессенжерлерде 13-апрелден тарта өнөр жай, соода түйүн, дүкөн, фитнес борборлор акырындык менен иштей баштаары тууралуу маалымат тараган
Кыргызстанда 13-апрелде соода түйүндөр, өнөр жайлар ачылат деген калп! - Sputnik Кыргызстан
Буга чейин соцтармакта жана мессенжерлерде 13-апрелден тарта өнөр жай, соода түйүн, дүкөн, фитнес борборлор акырындык менен иштей баштаары тууралуу маалымат тараган

Буга чейин соцтармакта жана мессенджерлерде өнөр жай, соода түйүн, дүкөн, фитнес-борборлордун иштөө планы жазылган документтин сүрөтү тараган.

"13-апрелден тарта бир катар дүкөн, өнөр жай, кызмат көрсөткөн мекемелер иштеп баштайт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул маалымат жалган", — деп билдиришти Бишкек комендатурасынан.

Работа в офисе - Sputnik Кыргызстан
Фейк желдей тарап кетүүдө. Министрликтердин сайты кандай иштеп жатат?
Жаңы мыйзамга ылайык, өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими киргизилген аймактарда жалган маалымат тараткандар айып төлөйт. Жөнөкөй жарандарга 5500 сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып салынат.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 298ге жетти. Анын бешөө көз жумуп, 39у айыгып чыкты. Бейтаптардын арасында 39 медицина кызматкери коронавирус менен алпурушууда.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0