Россия: коронавирустан көз жумган мусулман адамын кремация кылса болору айтылды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүПразднование Курбан-байрама
Празднование Курбан-байрама - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгерде COVID-19дан көз жумган адамды кепиндеп жерге беребиз деп, бирок кооптуулук баары бир жаралып турса, аны табыт менен көмсө болору айтылган.

БИШКЕК, 10-апр. – Sputnik. Россиядагы мусулмандардын Аалымдар кеңеши коронавирустан улам каза тапкан кишини жерге берүү боюнча тартип иштеп чыгып, анда маркумду кремация кылууга болот деген эреже чыгарып берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Документте каза болгон кишини кепинге оробой же майрам сууга албай жерге берсе болору айтылган.

"Маркумду жуундуруу сөзсүз жасала турган нерсе. Бирок коронавирус инфекциясынын кооптуулугу күч болсо, аны майрам сууга алган кишилерге жугуп калбашы үчүн кеңеш муну кылбай койсо болот деп эсептейт", — деп айтылган маалыматта.

Жайга топурак салып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус: Ноокатта көз жумган кишини акыркы сапарга 10дой адам узатты
"Эгерде COVID-19дан көз жумган адамды өлүктүн зыйнатын кылып кепиндеп жерге беребиз деп, бирок кооптуулук баары бир жаралып турса, аны табыт менен көмсө болот", — деп тактаган аталган кеңеш.

Аалымдар кеңеши Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин нускамаларына таянууну да сунуштайт.

Мында Аалымдар кеңеши маркумду мусулман эмес кишилердин мүрзөсүнө көмүүгө, андан сырткары, исламда тыюу салынганы менен кремация кылса болот деген уруксатын берген.

"Россиянын мусулмандар башкармалыгына караган аймактык бөлүмдөргө Аалымдар кеңеши жергиликтүү бийликке каза болгон мусулман адамды жерге көмүүгө уруксат сурап кайрылууну сунуштады. Эгерде "өтүнүч канааттандырылбаса, маркумдун сөөгү муктаждыктан улам кремацияланып, буга шарият жол берди деп эсептелинет", — деп айтылган маалыматта.

Буга кошумча шарт-жагдайга жараша бир нече учурлар да киргизилген.

Сөөк койуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустан көз жумгандар кантип көмүлөт. Министрлик менен муфтияттын сунуштамасы
"Эгерде жол берилсе, кремация кылар алдында жаназа окулуп, сөөк жуулат. Эгерде майрам сууга алганга такыр болбосо жаназа окуса да, окубаса да болот", — деп айтылган.

Маркумду көмүп жатканда кишилер аз келиши керек, алар жакын туугандары болушу мүмкүндүгү белгиленген.

Коронавирустан Россияда каза тапкандарды саны 94 киши экени айтылды. Ал эми Кыргызстанда бүгүн Ноокаттагы ооруканада 87 жаштагы бейтап каза тапканы айтылып, көз жумгандардын жалпы саны бешке жетти.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0