Фейк желдей тарап кетүүдө. Министрликтердин сайты кандай иштеп жатат?

© Фото / Pixabay/ JoergelmanРабота в офисе
Работа в офисе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө маалыматтык коопсуздук башкы маселелердин бири. Кээде социалдык тармактардан ар кандай фейк кабарлар тарап кетет. Мындай учурда расмий органдын жообун алууга кызыгасың.

Sputnik Кыргызстан министрликтер расмий билдирүүлөрүн коомчулукка кантип жеткирип жатканын билүү үчүн сайттарына жана социалдык тармактагы баракчаларына баш бакты. Анын үстүнө өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу такталган маалыматтарды ыкчам жеткирүү маанилүү болуп турганы талашсыз.

Кыргызстанда 12 министрлик бар. Мындан эки жыл мурун арасында кыргызча жаза албагандары бар эле. Азыр маалыматтар эки тилде тең чыгып жатканы байкалды. Өкмөт мүчөлөрүнүн кээ бир сайттары күн сайын жаңы билдирүү менен толукталып турат, ошол эле учурда "уктап" жаткандары да бар. Социалдык тармактар менен дагы достошкон эмес.

Тышкы иштер министрлиги

Тышкы иштер министрлигинин сайтына маалыматтар кыргыз, орус тилинде өз убагында чыгып турат. Ошондой эле министрликтин жана чет өлкөдөгү элчиликтердин жасап жаткан иштери тууралуу социалдык тармактардан дагы тааныша аласыз. Facebook, Instagram, Twitter тармагында расмий баракчалары жана YouTube, Telegram каналдары активдүү иштейт.

Ички иштер министрлиги

ИИМдин сайтында жаңылыктар күн сайын жаңыланып турат. Жасаган иши тууралуу маалыматтар мамлекеттик тилде да, расмий тилде дагы жарыяланат. Белгилей кетсек, сайтынын оң тарабында Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондорунун комендатурасынын ишмердүүлүгү боюнча маалыматтар жайгаштырылган. Социалдык тармактарда бир гана YouTube каналы бар, андан башка баракчалары ачылган эмес.

Юстиция министрлиги

Система межведомственного электронного взаимодействия Тундук - Sputnik Кыргызстан
"Түндүк" мамлекеттик порталы кандай кызмат көрсөтөт? 4 суроого жооп
Юстиция министрлигинин сайтына маалыматтар тез-тез чыкпай турганы белгилүү болду. Соңку жаңылыгы эки тилде тең 3-апрелде жүктөлгөн. Сайттан юридикалык документтер, каттоого алынган ишканалар жана арыздардын үлгүлөрү сыяктуу юридикалык маселелерге жооп таба аласыз. Facebook баракчасы жана YouTube каналына кабарлар маал-маалы менен жайгаштырылып турат. Ал эми Instagram аккаунту бир жылдан бери "эс алууда", башкача айтканда, өткөн жылдын 8-апрелинен бери бир да маалымат илинген эмес.

Финансы министрлиги

Финансы министрлигинин жасаган иштери тууралуу билдирүүлөр сайтына кыргызча да, орусча да убагында чыгып турат. Facebook менен Twitter баракчаларына акыркы маалымат 30-мартта жүктөлгөн.

Экономика министрлиги

Экономика министрлигинин сайтына маалымат мамлекеттик жана расмий тилде акыркы жолу 6-апрелде чыккан. Сайтындагы жаңылыктарды Facebook жана Twitter баракчаларына бөлүшүп турат. Ал эми YouTube каналына жети айдан бери жаңы видео жүктөлө элек.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги

Жазгы талаа иштери башталып, тамак-аш коопсуздугу курч маселе болуп турган чакта Айыл чарба министрлигинин сайтына же кыргыз, же орус тилиндеги маалымат 13 күндөн бери жайгаштырыла элек. Бирок Facebook, Instagram баракчаларына күн сайын түрдүү жаңылыктар чыгып жатат.

Транспорт жана жолдор министрлиги

Бишкекте кайсы уюм-ишкана кандай график менен иштөөдө. Керектүү карта - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте кайсы уюм-ишкана кандай график менен иштөөдө. Керектүү карта
Министрликтин сайтына эки-үч жолу аракет кылып анан кире аласыз. Кыргызча, орусча, англисче деген бөлүмдөрү бар. Бирок англис тили деген бөлүмү көргөзмө үчүн эле тургандай, себеби бул тилде маалыматтар такыр эле жүктөлбөйт. Ал эми орус тилиндеги кабарлар күн сайын чыгып турат, кыргызчасы эки-үч күндө бир кошулат. Транспорт министрлигинин сайтына эч ким деле басып барбайт экен. Мисалы, кечээ Нарын облусунун ашууларындагы кар боюнча жазган билдирүүсүн эки эле адам окуган, анын да бири биз болдук. Ошол эле жаңылыктын кыргызчасын бир да адам окуган эмес.

Социалдык тармактагы баракчалары "уктап" калган, Facebook баракчасы ачылганы менен эч бир маалымат жүктөлгөн эмес. Ошондуктан "Отзыв" деген бөлүмүнө: "Эч кандай маалымат жок! Бул баракчаны эмне үчүн ачтыңар? Кооздук үчүнбү? Жада калса кооз сүрөт дагы киргизген эмессиңер", - деп жазган бир колдонуучу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Министрликтин сайты материал даярдап жаткан маалда иштебей жатты. Бирок Facebook баракчасында эки тилде тең маалыматтар ыкчам сүрөт, видеолору менен чыгып турат. Бир сутканын ичинде катталган кырсыктар, аба ырайынын өзгөрүшү, социалдык роликтер жана өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү эрежелери жарыяланат. Жакында эле Instagram баракчасы дагы ачылган. Ошондой эле Telegram жана WhatsApp каналдарына катталып, ыкчам маалыматтарды окуп турсаңыз болот.

Билим берүү жана илим министрлиги

Бул министриликтин сайтында жаңылыктар эки тилде тең бирдей чыгат. Күн сайын жаңы маалыматтар менен толукталып турат.

Facebook баракчасына маалыматтар көбүнчө кыргыз тилинде жарыяланат. Ал эми Twitter аккаунтунда орусча болчу, ал дагы өткөн жылдын 18-декабрынан кийин токтоп калган. YouTube каналына болсо акыркы видео 10 ай мурда жүктөлгөн.

Саламаттык сактоо министрлиги

Всероссийский географический диктант в регионах России - Sputnik Кыргызстан
Студенттер эми бардык справканы бир жерден алат. ЖОЖдорду санариптештирүү
Калктын ден соолугуна кам көргөн мекеменин сайтына маалыматтар чаржайыт жайгаштырылганын байкоого болот. Мисалы, акыркы маалыматтарды окуш үчүн атайын "Жаңылыктар" бөлүмүнө кирүү керек. Башкы бетинде эски маалыматтар турат. Деген менен анлгис тилиндеги маалыматтар дагы кээде чыгып турат. Ошондой эле "Коронавирус жөнүндө" деген өзүнчө бөлүм бар. Ал жактан эпидемиологиялык кырдаал жана вирустан коргонуу боюнча адистердин сунуштамалары менен тааныша аласыздар.

Facebook жана Instagram баракчаларын активдүү иштетип, түрдүү маалыматтар жарыяланат. Ал эми YouTube каналына видео соңку ирет бир жума мурун жүктөлгөн.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги

Санариптештирүү деп эки жылдан бери айтылып келгенине карабай Маданият министрлигинин сайты иштебей турат.

Бирок Facebook баракчасына тынымсыз маалыматтарды чыгарып, түрдүү видеороликтерди жүктөөдө. Соңку ирет Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын "Суфлер" спектаклин жайгаштырган. Ал эми Twitter аккаунтуна туура бир жылдан бери бир жан кире элек. Акыркы пост 2019-жылдын 10-апрелинде жазылган.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги

Бул министрликтин сайтына кирип маалымат алуу ыңгайлуу. Жаңылыктар тынымсыз кыргызча да, орусча да жайгаштырылат. Байланыш номерлери, ишеним телефондору жана WhatsApp-каналы таасын көрсөтүлгөн. Соцтармак колдонуучулары менен Facebook баракчасы аркылуу кабарларын бөлүшүп турат. Башка социалдык тармактардан аккаунт ачкан эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0