Пенсия, жөлөк пулдун акчасын картадан чыгарууда комиссия алынбай турган болду

© Sputnik / Табылды КадырбековАял акчасын санап жатат. Архив
Аял акчасын санап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Брифинг учурунда борбордук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева бул калктын социалдык аялуу катмарын колдоо максатында жасалганын билдирди.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстандын банктарына картадан пенсия жана жөлөк пул акчасын чыгарып жаткан учурда комиссия алууга тыюу салынды. Мындай токтомду Улуттук банк кечээ, 9-апрель күнү, кечинде кабыл алды.

"Токтом "Элкарт" банктык төлөм карталары менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасы аркылуу нак акча каражаттарын алган учурда пенсионерлердин жана мамлекеттик жөлөк пул алчулардын карталарынан комиссия албоо боюнча коммерциялык банктарга талап коет", — деп айтылат маалыматта.

Брифинг учурунда борбордук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева бул калктын социалдык аялуу катмарын колдоо максатында жасалганын билдирди. Комиссия "карта ээсинин ким экендигине карабастан" алынбай турганы айтылды.

Вопросы уплаты пенсии в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө абал режими кирген аймактагылар пенсиясын кантип алат?
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 298ге жетти. Анын бешөө көз жумуп, 39у айыгып чыкты. Бейтаптардын арасында 39 медицина кызматкери коронавирус менен күрөшүүдө.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Учурда өлкөдө абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0