Кыргызстанда коронавирустан жалпы 39 адам айыгып чыкты

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүү"КБ "РЖД-Медицина" им. Н. А. Семашко" готова к приему пациентов с коронавирусом
КБ РЖД-Медицина им. Н. А. Семашко готова к приему пациентов с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
COVID-19 жуктургандардын жалпы саны 298ге жетти. Беш киши көз жумганы айтылды. Илдет менен 39 медицина кызматкери алпурушуп жатат.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстан боюнча тогуз адам коронавирустан сакайып, ооруканадан чыгарылды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

"Тогуз адам жакшы болуп чыкты. Ушул тапта ооруканада 254 жаран калууда, анын сегизинин абалы оор", — деди Каратаев.

Ооруканадагы кан үлгүлөр текшерүүдө. Архив - Sputnik Кыргызстан
COVID-19 чыккан аймактар жана жуктургандардын жаш курагы. Статистика
COVID-19 жуктургандардын жалпы саны 298ге жетти. Бүгүн Ноокаттагы ооруканада 87 жаштагы бейтап каза тапканы айтылып, көз жумгандарды жалпы саны бешөө болду. Илдет менен 39 медицина кызматкери алпурушуп жатат.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот

Жаңылыктар түрмөгү
0