Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүСнег в Крыму
Снег в Крыму - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй жана Жалал-Абаддын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда күн ачык болот.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. 10-апрелде Ысык-Көл облусунун чыгышында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Прогноз погоды - Sputnik Кыргызстан
Эртең үшүк жүрөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден түнкүсүн Ысык-Көл менен Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй менен Ысык-Көл жергесинде +6…+11, Таласта +3…+8, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +11…+16 жана Нарында +8…+13 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбор калаада +7…+9 градуска дейре көтөрүлсө, Ошто бул көрсөткүч +13…+15 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0