Алды 42 миң сом! Кайсы медиктин маянасына канча сом кошулганы жарыяланды

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүДарыгер медициналык бет капты кармап бара жатат. Архив
Дарыгер медициналык бет капты кармап бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө чогулган каражаттын 1 миллион 964 миң сому 263 медицина кызматкерлерине бөлүп берилди.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган эсепке 116,6 миллион сом келип түштү. Бул тууралуу финансы министринин орун басары, борбордук казынанын директору Марлен Амандыков брифинг учурунда билдирди.

Заслуженный врач КР хирург Юсуп Уметалиев - Sputnik Кыргызстан
Медиктерге компенсация: Республикалык штаб ЖМК менен элдин башын айлантканда
Анын айтымында, жардам иретинде которулуп жаткан каражатты бөлүштүрүү комиссиясы дарыгерлердин кошумча маянасы үчүн 38,8 миллион сом берүү чечимин кабыл алган. Бүгүнкү күндө анын 1 миллион 964 миң сому медицина кызматкерлеринин колуна тийди. 

Белгилей кетсек, буга чейин эсепке түшүп жаткан каражаттардын эсебин онлайн көрүп туруу үчүн Республикалык штабдын help.covid.kg сайты ачылган. Мында ким кайсы күнү, канча сумма жөнөткөнү, акча кандай максатта пайдаланылып жатканы ачык жазылат.

Ал жактан азыркы тапта 263 медикке кошумча эмгек акы берилгенин көрүүгө болот. Көпчүлүгү 4000ден 26 миң сомго чейин алган. Эң көп сумма 42 миң жана 30 миң сом болгону көрсөтүлөт. Мындай сумма эки гана дарыгерге берилген. Ошондой эле 1000 сомдун тегерегинде сый акы алгандар дагы бар. Бул туурасында кененирээк Республикалык штабдын сайтынан тааныша аласыздар.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстан боюнча коронавируска кабылгандардын саны 280ге жетти. Анын 147си аял, 133ү эркек. Арасында 34 медик аталган дарт менен алпурушууда.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0