Кулак кагыш! Дистанттык окуудагы көйгөйлөрдү кабарлаган кыска номер өзгөрдү

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүДистанттык сабак өтүп жаткан мугалим. Архив
Дистанттык сабак өтүп жаткан мугалим. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Номерлер аркылуу министрликтин кызматкерлери кеӊеш берип, ар бир регион менен байланышып, пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Окуучуларды дистанттык окутууда кандайдыр бир көйгөйлөр жаралса ыкчам байланыша турчу номер өзгөртүлдү. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 5858 ыкчам байланыш номери 8569 болуп калды.

Ал эми төмөндөгү номерлер мурдагыдай эле иштеп жатат:

  • 0550-512-075;
  • 0550-801-026;
  • 0550-368-784;
  • 0550-513-385;
  • 0557-442-355

Жогорку класса окуган кыз үй-тапшырманы аткарып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эртең дистанттык окуу башталат. Сабактар канча мүнөткө созулат? 10 суроого жооп
Министрлик белгилегендей, IV чейректин сабактары 1-4-класстын окуучулары КТРКнын "Баластан", 5-11-класстын окуучулары ЭлТРдин "Илим Билим" каналынан көрсөтүлүп жатат. Ошондой эле бул сабактар "5-канал", "Санат", "Пирамида" каналдары аркылуу эфирге берилүүдө.

Ушул эле видеосабактар, электрондук китептер, теледен кетчү сабактардын расписаниеси, кошумча адабияттар, тапшырмалар, өнүктүрүүчү оюндар жана тесттер oku.edu.gov.kg порталына жүктөлөт. Ошондой эле "МЕГА 24" тиркемесинде жайгаштырылган.

Дистанттык окуунун шарты тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан таанышууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0