COVID-19 чыккан аймактар жана жуктургандардын жаш курагы. Статистика

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүОоруканадагы кан үлгүлөр текшерүүдө. Архив
Ооруканадагы кан үлгүлөр текшерүүдө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аймактар боюнча статистиканы карай турган болсок, COVID-19 жуктургандар Ош менен Жалал-Абад облустарында көп катталууда.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын басымдуу бөлүгү 35 жаштан 55 жашка чейинки курактагылар. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, өлкөдө өпкөнү сезгентүүчү ооруга кабылгандардын саны 280ге жетти. Анын 147си аял, 133ү эркек. Арасында 34 медик аталган дарт менен алпурушууда.

Коронавируска кабылгандардын жаш курагы төмөндөгүдөй:

  • 15 жашка чейин — 30 адам, анын арасында бир жашка чыга элек эки наристе бар;
  • 16 жаштан 19 жашка чейин — 11;
  • 20 жаштан 35 жашка чейин — 71;
  • 35тен 55 жашка чейин — 101 адам;
  • 56 жаштан жогорку — 67 адам. 

Ал эми аймактар боюнча статистиканы карай турган болсок, COVID-19 жуктургандар Ош менен Жалал-Абад облустарында көп катталууда.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Ошондой эле кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга да баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0