COVID-19: медиктер кошумча айлык акысын ала баштады

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшВручение средств индивидуальной защиты медперсоналу в Оше
Вручение средств индивидуальной защиты медперсоналу в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Чүй жана Ош облустары боюнча коронавирус менен күрөшүп жаткан 141 медицина кызматкерине 1 миллион 400 миң сом өлчөмүндө кошумча акы берилди.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Бүгүндөн тарта медиктер март айындагы айлыгына кошумча акысын колго ала баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Бүгүн Чүй жана Ош облустары боюнча коронавирус менен күрөшүп жаткан 141 медицина кызматкерине 1 миллион 400 миң сом өлчөмүндө кошумча акы берилди. Жакынкы күндөрдө өлкөнүн башка аймактарындагы кызматкерлер дагы кошумча төлөмдөрдү ала алышат.

Министрликтин Финансы саясаты башкармалыгынын жетекчиси Мирлан Атакуловдун айтымында, мындай акыларды коронавирус тараган жерлерде иштеген санэпидемкызматтын, стационар жана алгачкы жардам көрсөтүү боюнча кызматкерлер алат.

"Төлөмдөр эки категорияга бөлүнгөн. Биринчиси, карантиндик-казарма режиминде иштегендер. Дарыгерлер — 46 миң сомго чейин, орто персонал — 41 миң сомго чейин, кенже персонал —38 миң сомго чейин. Ал эми үйүнө барып-келип график менен иштегендер 29 миң сомго чейин”, — деди Атакулов.

Кыргызстанга жайылган коронавирус

Ситуация в Бельгии в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Кызыбызды сагындык... COVID-19 менен күрөшкөн кызматкерлердин үй-бүлөсүнүн баяны
Бир суткада Кыргызстанда дагы 42 адамдан коронавирус аныкталды. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуктургандардын саны 270ке жетти. Анын ичинен 35и айыгып, тилекке каршы, төрт адам каза болуп калды. Ошондой эле 32 медик дагы коронавируска чалдыкканы маалым.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0