Кызыбызды сагындык... COVID-19 менен күрөшкөн кызматкерлердин үй-бүлөсүнүн баяны

© REUTERS / Yves HermanСитуация в Бельгии в связи с коронавирусом
Ситуация в Бельгии в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнө элин дүрбөлөңгө түшүргөн коронавирус Кыргызстанга да жетип, көпчүлүктүн жашоо-турмушун түп-тамырынан бери өзгөрттү окшойт. Айрым дарыгер, милициялар жакындарын жарым айдан бери көрө элек...

Карантинде элдин көбү үйдө жатса, айрым кызматкерлердин жумушу, тескерисинче, көбөйдү. Алар милиция, медицина, ӨКМ кызматкерлери, республикалык штабдын өкүлдөрү жана башка мамлекеттик кызматкерлер. Элдин коопсуздугу жана саламаттыгы үчүн жан үрөп иштеп жаткандардын жакындары, өздөрү азыркы кырдаалда кандай күн кечирип жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги билип көрдү.

Назгүл Мамбетова Бишкек шаарындагы жугуштуу илдеттер ооруканасында дарыгер болуп иштейт. Ушу тапта коронавирус жуктурган бейтаптарга жардам берип, аларды дарылап жаткан убагы. Ал вируска байланыштуу үйүнө эки жумадан бери бара электигин, балдарын көрө элегине жарым ай болуп калганын айтты.

Первый вице-премьер-министр Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
COVID-19 жуктуруп алган медиктерге 200 миң сомдон компенсация төлөнөт
"Кырдаал баарыбыздын жашообузду өзгөрттү окшойт. Эс алуу, дем алыш деген жок. Коргоочу кийимдерди кийип алты саат бою тикебизден тик туруп бейтаптар менен иштейбиз. Коронавирустан улам эки жумадан бери үйгө бара элекмин. Анткени бизге сыртка чыкканга болбойт. Үч балам бар. Улуу кызым турмушка чыккан. Эки уулумду туугандарыбыздын үйүнө жиберүүгө туура келди. Себеби жолдошум да жумушта. Эркек балдар болсо өз алдынча тамак жасап жей алышпайт. Ошондуктан туугандарга каратып жатабыз. Алты саат иштесек, алты саат эс алмай. Бейтаптар менен иштегенде ал жакка телефондорду алып кирбейбиз. Ооруканадан тамак ичип, ооруканада уктап, короого чыкканда алысыраак эч жакка да баса албайбыз. Балдарымдын ал-жайын телефондон эле сурап коюп иштеп жатам", — деди дарыгер.

Мамбетова вирус жуктуруп алган бейтаптар менен иштөө оңой эмес экенин, бирок аларды айыктырып чыгаруу үчүн дарыгерлер бардык күчүн жумшап жатканын кошумчалады.

"Бул оору бизге келип, адам өмүрүн алып жатса, албетте, жугузуп албасак экен деп кооптоносуң, коркосуң. Бирок биз жугуштуу илдеттер ооруканасында иштегендиктен, көнүп калсак керек. Коронавирус жайыла баштаганда баарына даярданганбыз. Бейтаптардын баары окшош эмес. Бири түшүнсө, бири айтканга көнбөйт. Бирок колдон келген аракетти көрүп, дарылап жатабыз", — деди Мамбетова.

Республикалык штабдын маалымат кызматында иштеген Мээрим Искакова азыркы кырдаалдан улам үч кызын ата-энесинин үйүнө жеткирүүгө аргасыз болгон. Апасы Гүлнара Асанованын айтымында, неберелери апасын эки жумадан бери көрө элек, кичүүлөрү сагына баштаптыр.

"Мээримдин жумушу көп. Кыздары менен телефон аркылуу эле сүйлөшүп жатат. Тамак-аш керек болсо, үйгө кирбей дарбазанын алдына таштап кетет же берип жиберет. Мээримди кыздары эле эмес, атасы экөөбүз да сагынып кеттик. Бирок иштебей үйдө жатып алса да болбойт. Мен өзүм дарыгер болуп иштейм. 15 күнгө эс алууга чыккам. Азыр үйдөн неберелеримди карап, тамактарын жасап берип, сабактарын окутуп коюп отурабыз. Эртерээк бул кырдаалдан чыгып, жакындарыбыз менен чогуу болсок экен деп тиленип жатабыз", — деди Асанова.

Кыйын кырдаалда күнү-түнү элге кызмат көрсөткөндөрдүн арасында милиция кызматкерлери да бар. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында иштеген кызматкердин жубайы аты-жөнүн жарыялабай эле коюуну суранып, карантинде кантип күн кечирип жатышканын айтып берди.

Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча комендант Малик Нурдинов - Sputnik Кыргызстан
Ош коменданты медиктен башка адамдарды кеңеш айтпай, өз ишин кылууга чакырды
"Коронавирусту медиктер жугузуп алыптыр" деген маалыматты укканда жүрөгүм "шуу" дей түштү. Анткени милиция кызматкерлери да вирус жуктургандар менен иштешет. Жолдошумдун чөнтөгүндө антисептик, кошумча бет кап барбы деп текшерип турам. "Ооруп калбасын" деп иммунитетти бекемдеген тамак-аштарды жеп жатабыз. Пияз, сарымсак дайыма столдун үстүндө. Үйдө кичине балабыз бар. Мындан улам үйдү арчалап, хлор менен тез-тезден жууп жатам", — деди милиция кызматкеринин жубайы.

Ал жолдошунун кесиптештеринин арасында вирусту үй-бүлөсүнө жуктуруп албайын деп иш бөлмөсүндө, жатаканада жашап иштеп жаткандар бар экенин укканын айтты.

"Күйөөм үйгө келгенде кээ бир кесиптештери жакындарын бир-эки жумадан бери көрө электигин айтып келет. Булардын иши да оңой эмес. Элдин коопсуздугу үчүн күнү-түнү кызматта. Сарсанаа болуп эле үйдө отурабыз. Кырдаалдан эртерээк чыксак экен", — деди ал.

ӨКМде куткаруучу болуп иштеген Замир Эрмаматовдун иш графигине жубайы Чынара Токурова көнүп калган. Бирок азыркыдай кыйын кырдаал алардын үй-бүлөсүн да санаага салып жаткан убагы.

Балкондо турган аял жана эркек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Карантин маалында үй-бүлөлүк көйгөйлөр көбөйүп жатат. Психолог менен маек
"Коронавирус менен биздин атабыз да күрөшүп жатат. Жолдошум жумуштан келгенде балдар анын мойнуна асылып, ойногулары келет. Бирок атасы азырынча балдарын жакын жолоткон жок. Келери менен жуунуп, тазаланат. Жумуштан чарчап келгендиктен, ага жакшы жаңылыктарды айтып берип, маанайын көтөрүүгө аракет кылабыз. Кээде кызматынан улам үйгө келбей да калат", — деди Токурова.

Куткаруучунун аялы үйүнүн подъездин кошуналары менен кезектешип тазалап жатканын да кошумчалады.

"Дарыгердин кызымын, андыктан тазалыкка бала кезимен көнгөм. Балдарды үйдөн эч жакка чыгарбайм, дүкөнгө анда-санда эле барам. Жолдошумдун айлыгы тийгенде баарын бир эле алып койгонбуз. Вирус эртерээк кетсе экен деп жакшылыктан үмүт кылып отурабыз", — деди ал.

Коронавирустун кесепети

Дарыгерлер медициналык бет капчап иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто жабылган балдар ооруканасында канча медик коронавирус жуктурганы айтылды
Бир суткада Кыргызстанда дагы 42 адамдан коронавирус аныкталды. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуктургандардын саны 270ке жетти. Анын ичинен 35и айыгып, тилекке каршы, төрт адам каза болуп калды. Ошондой эле 32 медик дагы коронавируска чалдыкканы маалым.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0