Өкмөт: картошкасы барлар коңшу өлкөлөргө сатсын, сурагандар бар

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүКартошканы жыйнап жатып унаага салып жаткан убакытта. Архив
Картошканы жыйнап жатып унаага салып жаткан убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов учурда коңшу мамлекеттерде Кыргызстандан картошка алуу пландары болуп жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Учурда кыргызстандык дыйкандардын коңшу мамлекеттерге жакшы баада картошка экспорттоосуна мүмкүнчүлүк пайда болду. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирди.

"Азыр кимдир бирөө картошка экспорттойм десе ага эч тоскоолдук болбойт. Анын үстүнө коңшу өлкөлөрдө картошка сурагандар бар. Учурда базардагы баа килограммына 25-30 сомдон болуп жатат. Менимче, азыр ири өлчөмдө картошкасы бар дыйкандарга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү", — деди Боронов.

Ошондой эле ал жаңы картошка чыгып кеткиче эскисин сатып ийүү керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, өкмөт Кыргызстан боюнча жазгы талаа иштери түзүлгөн кырдаалга карабастан кечиктирилбей аткарылып жатканын айтып келет.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0