Ош коменданты медиктен башка адамдарды кеңеш айтпай, өз ишин кылууга чакырды

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОш шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча комендант Малик Нурдинов
Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча комендант Малик Нурдинов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комендант кээ бир адамдардын медициналык билими жок болсо да социалдык тармактан элге өзүнүн насаатын айтып жатканын билдирди.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча комендант Малик Нурдинов медициналык билими жок жарандарды коронавирус тууралуу өзүнүн кеңештерин айта бербөөгө чакырды.

Анын айтымында, кээ бир адамдар медициналык билими жок болсо да социалдык тармактар аркылуу элге өзүнүн насаатын айтып жатат.

"Биз бир гана медиктердин кеңешин угушубуз керек. Мугалим окуучуларды окутат, ички иштер органынын кызматкерлери кылмыштуулук менен күрөшүп, тартипти сактайт. Андан башка маалымат бере албайт. Ал эми медицина тармагында 10 жылдай окуган дарыгерлер ушул илдеттен бизди куткаруу үчүн ооруканада иштеп жатат. Ошондуктан айрымдарыңарды медик болбогула деп айтмакмын. Биз бул илимди билбейбиз", — деди Нурдинов.

Мындан тышкары, комендант айрым айылдарда өз демилгеси менен карантиндик пост уюштурган жарандар Тез жардам кызматын өткөрбөй жатканын айтып, андай кадамга баруу туура эмес экенин эскертти. Мындай учурда постто тургандар жоопко тартылып калышы да мүмкүн.

Эске салсак, бүгүнкү күндө COVID-19 жуктургандардын саны Ош шаарында 33, ал эми облуста 97 адамга жетти. Алардын арасында каза болгондор, айыгып чыккандар дагы бар.

Коронавирустун кесепети

Урушта киши колу менен бетин жаап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто судья мас абалында милицияга кол көтөргөнү айтылып, иш козголду
Бир суткада Кыргызстанда дагы 42 адамдан коронавирус аныкталды. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуктургандардын саны 270ке жетти. Анын ичинен 35и айыгып, тилекке каршы, төрт адам каза болуп калды. Ошондой эле 32 медик дагы коронавируска чалдыкканы маалым.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0