Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАял колунда зонтик менен көчөдө басып жүрөт. Архив
Аял колунда зонтик менен көчөдө басып жүрөт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
9-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, карга айланышы мүмкүн.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. 9-апрель, бейшембиде, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаап, туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Сейсмограф аппаратынын көрсөткүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түндө түштүк тарапта жер эки ирет титиреди. Карта
Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым аймактарда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө түнкүсүн -1...-3 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрөт, күндүз +2...+7 градус жылуу болот. Талас жергесинде түнкүсүн -2...-4 градус суук болуп, күндүз +1...+6 градус жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -1...-3 градуска чейин суук болот. Тоо этектеринде үшүк жүрүү коркунучу бар, ал эми күндүз +5...+10 градус жылуу болот. Таласта түнкүсүн -2...-4 градус суук, үшүк жүрүшү ыктымал, күндүз +1...+6 градус жылуу, Нарын өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4 градуска чейин, күндүз +2...+7 градус жылуу болору айтылды.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүн табы Ошто түнкүсүн +3...+5, күндүз +7...+9, борбор калаада түнкүсүн -1...+1, күндүз +3...+5 градус жылуу болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0