Бүгүн дистанттык окуу башталды. Балага иш ордун кантип даярдап берүү керек

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүОкуучу кыз үйдө сабагын окуп жатат. Архив
Окуучу кыз үйдө сабагын окуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 8-апрелден тарта, Кыргызстанда мектеп окуучулары дистанттык түрдө окуй баштады. “Роспотребнадзор” мекемеси үйдөн окуу процессин туура уюштуруунун жол-жобосун айтып берди.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Россиянын Колдонуучулардын жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматы (Роспотребнадзор) дистанттык окуу учурунда балдарга иш ордун туура даярдап берүү боюнча кеңеш берди. Маалымат ведомствонун сайтына жарыяланды

“Бала сабак окуп отурган стол жарык болуусу үчүн аны терезенин жанына койгон туура. Болгондо дагы баланын өзгөчөлүктөрүнө көңүл буруу менен коюш керек. Мисалы, бала сологой болсо, стол терезенин оң тарабына жакыныраак, оң колу менен жазса, тескеринче, сол тарабы жакта болгону жакшы”, — деп айтылат сунуштамада.

Столдун үстүндө компьютер же планшет болсо, бала улам башын бура бербегидей, дал бет маңдайына коюу керек. Ал эми экрандын алыстыгы көздөн 60-70 сантиметр аралыкта жайгашуусу зарыл.

Мындан тышкары, эмерек дагы чоң роль ойной турганы айтылат. Мисалы, бала отурган стол менен стул анын дене-боюна туура келиши зарыл.

Китеп жөлөгүч бала колун сунганда жете турган аралыкта турганы туура. Бул нерсе көздүн көрүүсүнүн начарлап кетүүсүнөн сактайт.

Поздравление детей  в рамках проекта Новогодняя мечта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Интернети жок окуучулар үйдөн кантип окушат? Министрликтин жообу
Ошондой эле бала чарчап жана тажап кетпеши үчүн ар бир 30-45 мүнөт сайын аны столдон тургузуп, көңүлүн башка нерсеге буруп эс алдыруу керектиги айтылат. Мындан тышкары, дене бойду жана көздү эс алдыруучу көнүгүүлөрдү жасатып туруу зарыл.

Белгилей кетсек, бүгүн, 8-апрелден тарта, Кыргызстанда мектеп окуучулары дистанттык түрдө окуй баштады. Анда балдар жаңы материалдарды теле жана интернет сайттар аркылуу алып, мугалим менен кайтарым байланышка чыгат.

Дистанттык окуу маалында сабактар канча мүнөткө созуларын, баа берүү, үй тапшырма аткаруунун жол-жоболорун Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан көрсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0