Бүгүн вирус жуктуруп алган медиктер кайсы жактарда иштейт. Тизме

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүДарыгер ооруканадан чыгып бара жатат. Архив
Дарыгер ооруканадан чыгып бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн жаңы катталган 42 учурдун ичинен 13ү медицина кызматкерлери болуп чыкты. Буга чейин вирус 19 медиктен аныкталган.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Бүгүн жаңы катталган 42 учурдун ичинен 13ү медицина кызматкерлери болуп чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда айтып, алар кайсы жактарда иштерин санап берди.

  • Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык станциясынан — бир кызматкер;
  • Ош шаардык жугуштуу оорулар ооруканасынан — төрт дарыгер, төрт медициналык кызматкер;
  • “Азия кардио” борборунан — бир дарыгер, бир медайым;
  • Ош облустук бириккен ооруканасында бир кенже медициналык кызматкер.

Буга чейин вирусту 19 медик жуктуруп алганы айтылган.

COVID-19 вирусуна кабылган медиктерди аймактарга бөлө турган болсок, басымдуу бөлүгү өлкөнүн түштүгүндө. Тагыраалы, Ош облусунда – 20, Жалал-Абад облусунда – 7, Бишкекте – 4 жана Баткен облусунда – 1.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0