Кыргызстанда дагы 13 медиктен коронавирус аныкталды. Көбү Ошто

© AFP / PIERO CRUCIATTIКоргоочу костюм кийген медицина кызматкерлери
Коргоочу костюм кийген медицина кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус жуктурган медициналык кызматкерлердин бирөө Бишкектен, 12си Оштон. Буга чейин 19 медиктен коронавирус аныкталган.

БИШКЕК, 8-апр.— Sputnik. Кыргызстанда дагы 13 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Эске салсак, акыркы бир суткада КРде коронавирус жуктурган 42 жаңы учур катталды.

"Коронавирус жуктурган медициналык кызматкерлердин бирөө Бишкектен, 12си Оштон",— деди министр.

Белгилей кетсек, буга чейин дагы 19 медик коронавирус жуктуруп алган.

Кыргызстандагы коронавирус

Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 270ке жетти.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0