Шаардыктарга жардам! Мэриянын сайтында атайын тиркеме иштеп баштады

© Sputnik / Эмиль СадыровБишкек шаарынын мэриясы. Архив
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэриянын штаб кызматкерлери арыздарды ыкчам түрдө карап чыгып, кайрылгандарды муктаж болгон жарандардын тизмесине кошот.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясынын расмий сайтында "Шаардыктарга жардам" деген тиркеме иштеп баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, тиркеме аркылуу жардамга муктаж ар бир жаран арыз калтыра алат.

"Ал үчүн мэриянын www.meria.kg сайтына киресиз. Сайтка кирери менен оң жакта кызыл төрт бурчтуктун ичинде "Шаардыктарга жардам" деген жазуу чыгат. Аны басып, шилтемеге киргенден кийин анкета толтуруу керек", — деп айтылат маалыматта.

Анкета толтуруу эрежеси:

  • Аты-жөнү;
  • Паспорттогу ИНН номер;
  • Жашаган жердин дареги;
  • Билдирме. Бул бөлүккө арыз бергениңиздин себебин жазышыңыз керек. Эгер абалыңызды далилдеген документтер бар болсо, бул бөлүккө бекитиңиз.

Соңунда мэриянын штаб кызматкерлери арыздарды ыкчам түрдө карап чыгып, жардамга муктаж болгон жарандардын тизмесине кошот.

Эгер суроолор болсо шаардыктар төмөнкү телефондорго чала алышат:

  • Биринчи май району — 661537, 0702 493993, 0990 644410;
  • Ленин району — 656920, 0551 184328;
  • Свердлов району — 360707, 0703 906116, 0705 641833;
  • Октябрь району — 576550, 0555 401681, 0709 812324.
  • Мэрия штабынын ыктыярчылары — 0551 573989.

Буга чейин калаа мэри Азиз Суракматов Бишкекте аз камсыз болгон 15 миң үй-бүлөнү тамак-аш, азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн шаардык бюджеттен каражат бөлүү пландалып жатканын айткан.

Кыргызстандагы коронавирус

Кишилер унду тушуруп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэр: жардам берилчү үй-бүлөлөрдүн тизмесинде колунда барлар да жүрөт
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 228ге жетти. Анын ичинен төрт киши көз жумуп, 23ү ооруканадан айыгып чыкты. Такталган маалымат боюнча, 19 медик вируска кабылды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0