Бишкектеги дарыканалардын иш графиги, телефондору жана дареги. Карта

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүДарыкана кызматкери. Архив
Дарыкана кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө абал режиминде Бишкектеги дарыканалар кандай иштеп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар.

25-марттан тарта борбор калаада жана Кыргызстандын бир катар шаар менен региондорунда өзгөчө абал режими киргизилген. Буга байланыштуу ишканалар жабылып, күнүмдүк турмушка өтө зарыл болгондору гана иш тартибин өзгөртүп иштей баштады. Алардын арасында дарыканалар дагы бар.

Айрым компаниялар соода, оюн-зоок борборлорунда жайгашкандардан башка дарыканалары күнү-түнү иштеп жатканын айтышат. Болгону саат 20.00дөн кийин терезе аркылуу гана соода жүрөт. Дагы башкалары күндүз гана иштешүүдө.

Баса, Бишкек шаарындагы 3-4 компаниянын дарыканалары товарды үйгө жеткирип берүү кызматын сунуштай баштады. Кайсы бир суммага чейин кызмат акысы 150 сомдун тегереги. Алган товарыңыз кайсы бир суммадан ашса, жеткирүү акысыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0