03:36 28 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.4900
  • EUR80.5230
  • RUB1.0341
Коом
Кыскача шилтеме алуу
187 0 0

Президент "Ала-Тоо" аянтындагы 2002-жылдын Аксы окуясында жана 2010-жылдын Апрель революциясында эл эркиндиги үчүн курман болгондорго арналган эстелик монументине дагы гүл койду.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-апрелде, элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу Апрель окуяларында курман болгон баатырларды эскерди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчы "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексиндеги 2010-жылдагы элдик Апрель революциясынын баатырларын эскерүү мемориалына гүл койду. Андан соң куран окулду.

Ошондой эле Жээнбеков Апрель революциясы тууралуу санариптик сүрөт жана видеоматериалдар, маалыматтар жана элдик Апрель революциянын баатырларынын портреттери сакталып турган "Таазим" тарыхый-мемориалдык музейин көрүп чыкты. Эскерүү китебине Апрель окуясынын мааниси тууралуу пикирин калтырды.

  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 7 апреля, по случаю 10-й годовщины народной Апрельской революции почтил память погибших героев в Апрельских событиях.
    Мамлекет башчысы "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексиндеги 2010-жылдагы элдик Апрель революциясынын баатырларын эскерүү мемориалына гүл койду
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 7 апреля, по случаю 10-й годовщины народной Апрельской революции почтил память погибших героев в Апрельских событиях.
    Андан соң куран окулду

    Ошондой эле Жээнбеков Апрель революциясынын хроникасы тууралуу санариптик сүрөт жана видеоматериалдар, маалыматтар жана элдик Апрель революциянын баатырларынын портреттери сакталып турган "Таазим" тарыхый-мемориалдык музейин көрүп чыкты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 7 апреля, по случаю 10-й годовщины народной Апрельской революции почтил память погибших героев в Апрельских событиях.
    Эскерүү китебине Апрель окуясынын мааниси тууралуу пикирин калтырды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 7 апреля, по случаю 10-й годовщины народной Апрельской революции почтил память погибших героев в Апрельских событиях.
    Ошондой эле саясий репрессиялардын курмандыктарына арналган мемориалга, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө жана 1916-жылдагы каргашалуу окуяда каза болгондордун элесине арналган мемориалга гүл коюлду
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 5
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Мамлекет башчысы "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексиндеги 2010-жылдагы элдик Апрель революциясынын баатырларын эскерүү мемориалына гүл койду

Ошондой эле саясий репрессиялардын курмандыктарына арналган мемориалга, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө жана 1916-жылдагы каргашалуу окуяда каза болгондордун элесине арналган мемориалга гүл коюлду.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президент Роза Отунбаева, биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов катышты.

Тема боюнча

Жээнбеков: бул учурдан да өтөбүз, эртеӊки күн бар экенин унутпайлы!
Кыргызстандын тарыхындагы кандуу күн. Апрель окуяларын баяндаган видео
Белгилер:
революция, эскерүү, Апрель окуялары, Сооронбай Жээнбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ