12:43 29 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.7136
  • EUR81.0776
  • RUB1.0367
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1180 0 0

Жаздын келиши менен көп адамдардын аллергия оорусу жанданат. Жыл өткөн сайын андан жабыркагандардын саны да өсүп барат.

Аллергия — бул иммундук системанын агрессивдүү коргонуусу, организмдин гиперсезимталдуулугу. Илдет тууралуу кенен-кесир аллерголог Жыпара Кыдырова айтып берди.

Аллерголог Жыпара Кыдырова на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Аллерголог Жыпара Кыдырова

— Коронавирус аллергиясы барларга кооптуу дегенге кошуласызбы?

— Жок, андай эмес. Аллергиясы бар адамдардын организми вирустук ооруларга келгенде кадимки организмдей эле кабыл алынат. Эч кандай айырма жок. Анткени аллергиядан иммунитет түшпөйт. Адамдардын көбү иммунитет түшүп кеткенден аллергия болуп ооруп калдым деп ойлошот. Тескерисинче, аллергия — бул иммунитеттин курч өтө турган реакциясы, иммундук системанын өтө сезимталдуу болушу. Ал организмдин бир нерсеге туура эмес жасаган реакциясы. Мында адам гүлдүн чаңына, жаныбарлардын жүнүнө, азык-түлүк, дары-дармек, тиричилик каражаттары жана башка заттарга аллергия болушу мүмкүн. Алар мындай нерседен алыс болсо эле эч кандай коркунуч жаратпайт. Демек контакт жок болсо, илдет да кездешпейт.

— Аллергия өз ичинен бөлүнсө керек эле?

— Жалган аллергия деген болот. Негизинен аллергиктердин организми кичинекей кезинен баштап эле бир нерсеге терс реакция жасайт. Кийин жашы өтүп калгандан кийин илдеттин белгилери байкалса, ал көпчүлүк учурда жалган аллергия болуп калышы мүмкүн. Болгону башка бир оорулардын айынан аллергияга окшош симптомдор пайда болуп калат. Кээ бир адамдарда мезгили менен баш көтөрсө, айрымдар жыл бою жапа чегет. Кээде бардык нерсеге аллергиям бар дегендерди да угуп калам, бул туура эмес.

— Аллергиянын көп жайылган түрү кайсы?

— Организмдин чаңга карата реакциясына байланышкан поллиноз оорусу. Бул нерседен адам кача албайт. Мисалга, жер-жемишке аллергия болсо, аны жебей коюуга болот. Ал эми мезгилдик аллергияда андай болбойт. Башкача айтканда, баары бир ошол мезгилде аллергиясы козголот. Себеби үйдөн чыкпай отурса дагы сырттан келген адамдар аркылуу же бөлмөнүн терезе, эшиги ачылса эле чаңчалар кирип, аллергиясы кармайт. Алгач мурундан башталат. Мурду бүтүп, көзүнөн жаш агып, адаттагыдан көп чүчкүрө баштайт.

— Аллергия тукум кууйбу? Эмнеден пайда болот?

— Эч качан бир эле себеп болбойт. Көп факторлор чогулганда гана адамда ушундай реакция жаралат. Ата-энеси алергик балдар сөзсүз аллергия болот дегенге да 100 пайыз кепилдик жок. Бирок тукумунда аллергиясы жокторго караганда бул балдардын ага чалдыгуу ыктымалуулугу көбүрөөк. Мындан тышкары, экологиянын, абанын булганышы, жарым фабрикат тамактардын көбөйүшү да себепкер болот. Аллергиясы бар адамдарга тамакты даамга келтирүүчү татымдаран баш тарткыла дейбиз. Себеби булар ооруну күчөтөт.

— Айрымдардын катуу жини келип, тынчы кетсе да дене-башы кычышып чыгат го...

— Жинденүүдөн аллергия болбойт, бирок бул дарт менен жабыркап келгендердики күчөп кетет. Бул физикалык фактор. Ачууга алдырып, капалануу аллергиянын козгогучу боло албайт.

— Ооруну дарылабай койсо эмне болот?

— Күчөп кетет. Мезгилдик аллергия үч багытта өрчүйт. Биринчиси, убакыт. Мисалы, мурда аллергия белгилүү бир мөөнөттө башталса, кийин ал узарышы мүмкүн. Убагы менен дарыланбаса, бара-бара жыл бою кармаган түрүнө өтүп кетет. Экинчиден, аллергия жайгашкан жерин алмаштырат. Мурда мурдунан кармаса, кийин өпкөсүнө өтөт. Мурдунан дем ала албай калганда ооз менен дем алуу мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми өпкөдөн кармаганда дем кысылып, дем алуу кыйындайт. Бул өтө кооптуу. Мындай учурда адам паникага да алдырып коюшу мүмкүн. Үчүнчүсү, модификация. Башкача айтканда, аллергия өзгөрөт. Кээ бирлердин бара-бара дем алуу органы жеңилдеп, бирок денесине бөрү жатыш сыяктуу кызыл бүдүрчөлөр чыга баштайт. Баса, мунун баары бир кишиде болушу мүмкүн.

— Астмага айланып кетерин да айтышууда?

— Эми аллергиясы барларды антип коркуткум келбейт. Бул бир жылда болуп кетчү нерсе эмес. Бирок айланышы мүмкүн. Мисалга, аллергиянын процесси мурдубуздун ичинде болсо, бронхиалдык аллергияда реакция бронхиалдык түтүкчөлөрдө болот.

— Толук дарылоого болобу?

— Ооба, аллергияны бүгүнкү күндө айыктырып алууга болот. Болгону убакыт керек. Адамга суук тийип калса, он күн антибиотик ичсе айыгып кетет. Аллергиянын табияты башка. Кээ бирлер көп жылдык аллергиясынан аз убакытта сакайып кетүүнү каалайт. Бул мүмкүн эмес. Анткени иммундук система дайыма дүүлүгүүдө жүрүп көнүп калган. Аны калыбына келтирүүгө убакыт керек.

Тема боюнча

Аллергиясы барларга коронавирус канчалык кооптуу?
Майрамдан кийин күптү болуп кыйналгандар үчүн диетологдун 5 кеңеши
Белгилер:
кеңеш, дарыгер, адам, аллергия

ЭҢ МААНИЛҮҮ