Бишкектеги коммуналдык кызматтар учурда кандай иштөөдө. Телефондору, графиги

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЗамена старых электросчетчиков в жилых домах Владивостока
Замена старых электросчетчиков в жилых домах Владивостока - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө абал режиминде Бишкектеги коммуналдык кызматтар кандай иштеп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар.

25-марттан тарта борбор калаада жана Кыргызстандын бир шаар менен региондорунда өзгөчө абал режими киргизилгени маалым. Бишкектиктер зарыл иштер менен гана сыртка чыгууда, мамлекеттик органдар дистанттык режимде иштесе, кафе жана башка тамак-аш жайлары азыкты жеткирип берүү менен алектенип жатат.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары ӨА режиминде борбордогу коммуналдык кызматтар кандай графикте иштей турганын билди. Учурдагы кырдаалга байланыштуу эсептердин көрсөткүчүн онлайн билдирүүгө болот.

ААК "Бишкек жылуулук түйүнү"

  • Иш тартиби: 8:00-16:00
  • Байланыш тел.: 1980, (312) 61-11-69

Кеңселердин даректери:

  • Башкы кеңсе: Жукеев-Пудовкин көч., 2/1;
  • Түштүк райондук абоненттик бөлүмү: Абдрахманов көч., 99, телефону: (312) 38-65-13, (312) 38-62-93;
  • Батыш тилкеси: Москва көч., 160, телефону: (312) 61-07-63, (312) 61-07-54;
  • Борбордук тилке: Лермонтов көч., 2А, телефону: (312) 36-59-40, (312) 36-59-39

"Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасы

  • Иш тартиби: 8:00-17:00
  • Байланыш тел.: (0312) 49-00-86, 49-02-65
  • Дареги: Гагарин көч., 74

"Түндүк электр" ААКсы

  • Иш тартиби: 8:00-17:00. Касса 15:00гө чейин
  • Байланыш тел.: 1209, (312) 33-88-22
  • Дареги: Сатуу кызматы — Тоголок Молдо, 70а, Батыш РЭС – Токтогул көч., 259, Чыгыш РЭС Медеров көч., 42а.

"Кыргыз лифт" ААКсы

  • Иш тартиби: администрация сырттан иштейт. Ремонттук бригада зарыл учурларда чыгат
  • Байланыш тел.: (312) 51‒86‒99, (312) 51‒88‒22
  • Дареги: Көк-Жар кичи району, 23

"Бишкек шаардык лифт" муниципалдык ишканасы

  • Иш тартиби: 9:00-18:00
  • Байланыш тел.: (312) 43‒78‒47
  • Дареги: Чүй пр., 30

"Бишкек суу канал" муниципалдык ишканасы

  • Иш тартиби: 8:30-17:00
  • Дареги: 10-кичи район, 35

"Газпром Кыргызстан"

  • Иш тартиби: 09:00 - 15:00
  • Байланыш тел.: 4444, (312) 53-00-35
  • Дареги: Горький көч., 22; Фучик көч., 9
Жаңылыктар түрмөгү
0