Биринчи жолу! Ошто коменданттык саатты бузган 10 киши 3000 сомдон айыпка жыгылды

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшСитуация в Оше с введением ЧП из-за коронавируса
Ситуация в Оше с введением ЧП из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коменданттык саат учурунда 10 адам, мас абалында эки айдоочу кармалып, баарына айып салынганы белгилүү болду.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Өткөн суткада коменданттык сааттын эрежесин бузуп кармалгандарга 3000 сомдон айып салынды. Бул туурасында Ош шаары, Ноокат жана Кара-Суу райондору боюнча комендант Малик Нурдинов билдирди.

Комендант мындай чаралар жаңы кабыл алынган мыйзамдардын негизинде жасалганын белгиледи.

"Түндө коменданттык сааттын эрежесин бузуп кармалган 10 жаранга айып салынды. Мындан кийин элди, мыйзамды сыйлабаган жарандарга ушундай чара көрүлөт. Ал эми мас абалында руль башкарып бара жаткан эки айдоочу кармалган. Алар жол эрежеси боюнча 17 000 сом жана коменданттык саатты бузганы үчүн 3000 сом айып тартат", — деди Нурдинов.

Ошондой эле ал аймакта коомдук-саясий абал туруктуу, комендатуранын көзөмөлүндө экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, өткөн суткада Ош шаары жана Кара-Суу райондорунда коменданттык сааттын эрежесин бузган 10 адам кармалган. Ош облусу жана шаары боюнча 106 адам коронавирус жуктурганы аныкталган. Анын ичинде айыккандар, тилекке каршы, каза тапкандар дагы бар.

Кыргызстандагы коронавирус

Патрулдук милиция жана мамлекеттик гвардия кызматкерлери блокпостто турган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коменданттык саат: түндө өлкө боюнча 94 киши кармалып, 22 унаа токтотулду
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 228ге жетти. Анын ичинен төрт киши көз жумуп, 33ү ооруканадан айыгып чыкты. Арасында 16 медик вируска кабылды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот

Жаңылыктар түрмөгү
0