Мэр: жардам берилчү үй-бүлөлөрдүн тизмесинде колунда барлар да жүрөт

Жазылуу
Бишкек шаарынын мэри гумжардам айрым үй-бүлөлөргө эки-үч жолудан берилип кетип жатканын, мындан улам тизмени шаардын райондук башкармалыктары менен такташып алуу керектигин да баса белгиледи.

БИШКЕК, 7-апр.— Sputnik. Борбор калаада аз камсыз болгон 15 миң үй-бүлөнү тамак-аш, азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн шаардык бюджеттен каражат бөлүү пландалууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта калаа тургундарына жардам берүү үчүн райондук штабдар түзүлүп, ишке социалдык кызматкерлер да тартылууда.

"Чындап эле тамак-ашы жок калган, жардамга муктаждардын тизмеси түзүлүп жатат. Мындан тышкары, өкмөттүн чечими менен Бишкек шаарына алты миң тонна ун бөлүндү. Бөлүнгөн ундун 70 пайызы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө таратылып бүтүп калды", —деди Суракматов.

Мындан сырткары, ишкерлер, кайрымдуулук фонддор да жардам берип жатканын кошумчалады.

Бишкек шаарынын мэри гумжардам айрым үй-бүлөлөргө эки-үч жолудан берилип кетип жатканын, мындан улам тизмени шаардын райондук башкармалыктары менен такташып алуу керектигин да баса белгиледи.

"Кээ бир үй-бүлөлөр таптакыр эле азык-түлүк ала албай калып жатышат. Колунда бар, жашоо шарты жакшы эле адамдар аз камсыз үй-бүлөлөрдүн тизмесине кирип калган да фактылар катталды. Аларды тизмеден чыгаруу керек", — деди калаа мэри.

Кыргызстандагы коронавирус

Бишкектеги блокпостто медициналык кызматкер температураны текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Суракматов: Бишкекте бир шарт менен коронавирус ооздукталышы мүмкүн
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 228ге жетти. Анын ичинен төрт киши көз жумуп, 33ү ооруканадан айыгып чыкты. Арасында 16 медик вируска кабылды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0