Выездное совещание премьера М. Абылгазиева в комендатуре Бишкека - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстандагы коронавирус боюнча абал: тексттик баяндама, сүрөт жана видео

Жазылуу
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандар күн сайын көбөйүүдө. Алардын арасынан каза болгондор (4) жана айыгып кеткендер (10) да бар. Анткен менен COVID-19 боюнча абал бүгүн курч турат.

Аталган тумоо Кыргызстандын Талас облусунан башка бардык региондорун камтыды. 

25-марттан баштап өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Алардын бири-биринин аймагына кирип-чыгуусу тыкыр көзөмөлгө алынды.

Sputnik Кыргызстан абал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, фото жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантат.

Мазмуну
13:28 07.04.2020
09:35 07.04.2020
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
20:26 07.04.2020
19:39 07.04.2020

2020-жылдын 6-апрелине (саат 17.00) карата, Кыргызстандын аймагындагы коронавирус инфекциясы менен күрөшүү  үчүн ачылган эсепке 103 млн. 946 миң 301 сом түштү.

Ачылган эсептер жөнүндө маалыматтар  Финансы министрлигинин сайтында жайгашкан.

Маалыматты Республикалык штабдан билдиришти. 

17:49 07.04.2020

НАРЫН. Жазгы талаа иштери башталды

16:45 07.04.2020

Расмий маалымат боюнча, учурда өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны — 23, вирус жуктурган дарыгерлер — 19 экени тастыкталды.

 

КБ РЖД-Медицина им. Н. А. Семашко готова к приему пациентов с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус жуктурган медиктер жана айыккандар тууралуу такталган маалымат
15:43 07.04.2020

"Эгерде ал буга чейин пенсиясын почта аркылуу алып келсе, ал эми бул сапар үйүндө эмес, башка жакта болуп калса, келерки айда эки айдын пенсиясын бир алат. Бул пенсиясын банк аркылуу алгандарга тийиштүү эмес", - деди министр Кочкоров. 

15:31 07.04.2020
15:23 07.04.2020

Кыргызстанда 670 миӊден ашык ар кандай категориядагы пенсионер бар. Алардын 55 пайызы банктардан, 45 пайызы почта бөлүмдөрүнөн пенсиясын алып келген. Бир айда аларга 4 милллиард сомго жакын акча бөлүнөт. 

15:19 07.04.2020

Социалдык фонддун жетекчиси Медер Ирсалиев: Өзгөчө абал кирген Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондорунда 60 миңден ашуун пенсионер бар. Алар  акчасын банк аркылуу алчу. Эми аны убактылуу почта кызматы таратып бермекчи. 

15:05 07.04.2020
14:59 07.04.2020

"Эл которгон акчага алынган азык-түлүктүн кимге берилгендигин кантип ошол адамдарга маалымдап, отчет берсек дегенди ойлонуп жатабыз. Алгач, жардам алгандардын аты-жөнүн ачыктайлы десек, алардын жеке маалыматтары жарыя болуп калгыдай. Андан сырткары көмөк алгандар көмүскө калуун айтышууда. Бул боюнча кантип отчет берүү боюнча бир ыкмасын таап, кийинчерээк жардам бергендерге маалымат берсек деген ой бар", - деди Кочкоров. 

14:49 07.04.2020

Кочкоров: Карылар, балдар үйлөрүндө, балдардын атайын жайларында сактануу, коопсуздук тартиптери катуу сакталган. Ал жердегилер бир жумадан берип үйүнө кетпей, ошол жерде күнү-түнү калып жатышат. Бул жайларда да карантиндик режим сакталып турат.

14:47 07.04.2020

Кочкоров: колунда барлар да жардам сурагандыгын жергиликтүү бийлик, айыл башчылар аркылуу тактап жатабыз. Жогоруда айттым, кээ бирөөлөр тамашалап кайрылгандар да кездешти. 

14:45 07.04.2020

Кочкоров: өкмөт берген ун бир катар саясий партиялардын атынан таратып жатат деген маалыматтар бар. Ундун сапаты туурасында да айтылууда. Мунун баарын тактап жатабыз.

14:43 07.04.2020

Кочкоров: министрликтин депозитине түшкөн акчадан бөлүп, жардам көрсөтүүнү статусу жок, эч кандай акча албаган, жаңы конуштарда каттоосуз жашаган 11 900 адамдардан баштайлы дедик.

14:42 07.04.2020
14:40 07.04.2020

Кочкоров: жөлөк пул боюнча мөөнөтү бүткөндөргө да социалдык төлөмдөр автоматтык түрдө берилет. Азыр абалга байланыштуу өкмөттүн ушундай чечими бар. 

14:33 07.04.2020

“Мамлекеттик жөлөк пулдар, жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсациялар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды баккан жеке ассистенттердин айлык акылары, багып алуучу үй-бүлөлөргө жана убактылуу үй-бүлөлөрдө тарбияланган балдарга берилүүчү каражаттар өз убагында толук кандуу төлөнөт”, - деди министр Кочкоров.

14:33 07.04.2020

Кочкоров: Ай сайын 25 категориядагы жарандар жеңилдиктердин ордуна 1000 сомдон 7000 сомго чейинки өлчөмдөгү акчалай компенсацияларды алышат. Алардын саны 41 миң 200 адам.

14:33 07.04.2020

 Иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жалпы жумушсуздардын саны 97 миӊ 400 адам. Анын ичинен расмий жумушсуздардын саны 78 миӊ адам.

Жумушсуздук боюнча жөлөк пул алгандардын саны 155 адам, өлчөмү 300 сом

14:30 07.04.2020

Республика боюнча 210 79 кайырлуу түшкөн.

"Колунда барлар жардам сурабагылачы, ойноп кайрылуу жасабагыла", - деди Кочкоров.

Министр кызматкерлер ал жерге барууга убактысын коротуп, убара болуп жаткандыгын айтты.

14:29 07.04.2020

Кочкоров: 49 245 муктаж үй-бүлөнү камсыздоо боюнча иш алып бардык. “Жардам” штабы кайрылгандардын тизмесин түзүүнү улантууда.

Мындан сырткары 1227.tunduk.kg  сайты аркылуу маалыматтарды таштаса болот. Бул системага түшкөн жарандардын контатыларын жергиликтүү бийликке жеткиребиз

14:25 07.04.2020

Кочкоров: 110 миң үй-бүлөгө материалдык резервден бөлүнгөн ун таратылып жатат. 

14:24 07.04.2020

Кыргызстанда 2020-жылдын 1-мартына карата өлкөдө 425 миң 800 жаран мамлекеттик жөлөкпулдарды алышат. Анын ичинен 96 миң аз камсыз болгон үй-бүлөдөн 309 миӊ 437 балага “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу төлөнөт. Учурда аталган жөлөкпулдун орточо өлчөмү 870 сомду түзөт”, - деди министр Улукбек Кочкоров.

Анын айтымында, ай сайын социалдык жөлөкпулдарды алуучулардын саны 93 546 адам. Орточо өлчөмү 3009 сомду түзөт.

Балага сүйүнчү жыл башынан тартып 22,9 миң адамга төлөнгөн.

14:14 07.04.2020
14:10 07.04.2020

Түз байланыш номерлери


Кара-Суу району:

0(3232) 5-00-03, 0772-21-22-80, 0551-21-22-80.


Ноокат району:

0(3230) 5-26-28, 0773-42-16-42.


КР өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү (облустук администрация):

0(32-32) 5-54-25, 0557-80-01-11.

Ош шаарынын мэриясы:

(32-22О) 5-53-84.


 

13:58 07.04.2020

ЖАЛАЛ-АБАД: Коронавирус илдетине каршы күрөшүүгө каражат которгон жайлардын тизмеси уланууда. 

13:57 07.04.2020

Ысык-Көл облусунда 108 адам обсервациядан чыгарылып, эки жумалык үй карантинине жиберилди. Алардын экинчи этабдагы анализдеринен COVID-19 табылган жок.
Облуста жалпы 195 адам обсервацияга алынган. Учурда 84 адам обсервацияда калууда, ал эми 3 адамдын анализдеринен COVID-19 табылгындыгына байланыштуу инфекциялык бөлүмдөрдүн изоляторунда жатат.

13:37 07.04.2020
13:36 07.04.2020

Жоробеков: 17 миңден ашуу кишин өткөрмө кагазын алууга кайрылып, 1200 адамга  берилди. Аны дарыгерлер, дары-дармек, азык-түлүк ташыгандар алды. Айыл өкмөттөрдү да камсыздадык. Андан сырткары ооруканага баргандарга кезексиз берилди.

13:32 07.04.2020
13:27 07.04.2020

"Буга чейин деле облустук Санэпидкөзөмөлдүн 49 кызматкери обсервацияга жатканын буга чейин деле ачык айтканбыз. Алар ошол жерде отуруп эле иштеп жатышат", - деди Боржиев. 

13:24 07.04.2020

"Санэпид көзөмөлдүн 49 кызматкери обсервацияда. Ал эми 54 кызматкер сменден чыгып, алар да обсервацияда", - деди  Боржиев. 

13:19 07.04.2020

Дарыгерлерге оору жукканы боюнча жоопкерчилик каралабы деген суроо болду.

"Коргоочу костюмдар медициналык кызматкерди 80-90 пайыз гана коргой алат. ал эми 100 пайыз космонавттар кийген аппараттар гана коргой алат. Бул жерде туура кийинип, чечинүү маанилүү. Респираторду 8 саат бою чечпей иштөө да абдан кыйын", - деди Боржиев. 

13:18 07.04.2020
13:17 07.04.2020

"Жалал-Абад боюнча андай аппаратка муктаж болгон оорулар жок", - деди Жалал-Абад облустук медициналык штабдын жетекчисинин орун басары Урмат Боржиев. 

 

13:15 07.04.2020

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант Жоробеков: Тартип сактоочулар арасында оору катталган жок. Күндө штаб жыйынында эскертип, айтып жатабыз. Сактануу жолдору эскертилүүдө. Блок-посттогу кызматкерлердин тамагын да аярлап берип жатабыз.

13:15 07.04.2020

"Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча 229 кылмыш катталды. 11и уурулук, 7өө бейбаштык. Басымдуу бөлүгү уурулук", - деди комендант Жоробеков

13:12 07.04.2020
12:52 07.04.2020

Медицина кызматкерлер ыкчам телефон аркылуу байланышкан адамдарга өзүн кандай сезип жаткан абалын тыкыр сурамжылайт жана атайын иштелип чыккан анкетаны толтурушат.
Шаар тургуну чала алат, эгерде:
• Ал эпидемиологиялык абалы начар өлкөлөргө же аймактарга барып келсе;
• Коронавирусуна чалдыккан оорулуу менен тыгыз байланышта болгон болсо;
• Оорунун белгилери – жогорку температура, жөтөл жана энтигүү бар болсо.
Инфекциянын чыгуу коркунучу жаралса, жерине дарыгер, эпидемиолог жана лаборант болуп, медиктердин мобилдүү бригадалары барат, алар үйдө экспресс-тест жасашат.

12:42 07.04.2020
12:41 07.04.2020

“Илдетти жуктуруу беренеси боюнча бир жарандын үстүнөн кылмыш иши козголду. Ооруганын билип, анысын жашырып, теңтуштары, кесиптештери менен катташып жүрө берген. Ооруй баштаганда текшерсек,  вируска кабылганы аныкталды”,  - деди Нурдинов.

Анын учурда дарыланууга жаткырылганы, ооруканадан чыгары менен сот иштери башталып, кеминде беш жылга эркинен ажыратылышы мүмкүндүгүн комендант кошумчалады. 

12:38 07.04.2020

Нурдин Маликов: Блок-постту тоготпой өтүп кеткендерге чара көрүлөт. Биринчиден өтүп кетсе, экинчиден өтүп баратканда токтотулат. Себеби, башка посттогуларга кабар берилет. Баары бир кармалат. Эгерде таптакыр болбосо, каршылык көрсөтсө, шартка байланыштуу курал колдонулат.

12:25 07.04.2020

Нурдинов: Эл өзү коюп алган блок-посттор бир аз аша чаап коюп жатат. Эгерде тез арада дары-дармек керек болуп, бирок аны өткөрбөй койсо, иш козголот. Ал эми сырттан, чоочундар кирбесин, айылдагы жаштар максатсыз жүрбөсүн деп талап кылса, анда туура.

12:23 07.04.2020

Малик Нурдинов: Дүкөндөрдө, соода жайларда коопсуздук эрежеси сакталбай, зыянсыздандырган каражаттар орнотулбаса, комендатурага чалгыла. 

12:15 07.04.2020

Малик Нурдинов: күйүүчү айылга майды челектеп эмес, көбүрөөк көлөмдө  алып кирүүгө эч ким тоскоолдук болбошу керек.

12:14 07.04.2020

Малик Нурдинов: Өзгөчө абал киргизилген аймактарда коомдук-коопсуз абал тынч. Коменданттык саатты бузган 10 жаран кармалып, мыйзамдын алкагына 3000 сомдон айып салынды. Ал эми мас абалында кармалганы үчүн 17 000 сом жана коменданттык саатты бузганы үчүн 3000 сом айып тартты.

"Биз буга чейин эскерткенбиз, маалымат таратканбыз. Тартипти бузбагыла", - деди Нурдинов. 

12:11 07.04.2020
12:08 07.04.2020

Анын айтымына караганда, Бишкекте коронавирус жуктургандардын саны өсүп жатат, бирок ушуну менен аягына чыгышы мүмкүн.

"Эксперттердин анализи боюнча, бир нече күндөн кийин ооруну жуктургандардын саны басаңдашы ыктымал. Бирок аны үчүн шаардыктар үйдөн чыкпай обочолонуп, карантиндин эрежесин так сакташы керек", — деди Суракматов. 

 

11:52 07.04.2020
11:51 07.04.2020

Суракматов: Бүгүнкү күндө борбор калаада 1756 жаран каттодо турат, ар биринен алгачкы анализдер алынып, алар обсервацияда же үй карантинде турат. Инкубациялык мезгил өткөн соӊ – 14 күндөн кийин алардан кайрадан анализ алынат, эгерде жыйынтыктары оорунун жок экенин көрсөтсө, анда алар көзөмөлдөн чыгарылат.

“Шаарда жалпысынан көзөлгө алуудан 1359 адам чыгарылган”, - деп кошумчалады Суракматов.

11:43 07.04.2020

 Суракматов: Көп кабаттуу үйлөрдө лифтилердин бардыгы тазаланып жатат. Андан сырткары социалдык тармактарда да тазалап туруу боюнча чакырык ташталган.

11:42 07.04.2020

Суракматов: Мобилдик бригадаларда иштегендер тийиштүү кийимдер менен камсыз болгон. Андан сырткары автоунаалар да дезинфекциядан өткөрүлүп турат. 

11:39 07.04.2020

Дезинфекция көчөлөрдө, ири имараттарда жүргүзүлүп жатат. Бул план менен аткарылууда. Эгерде оору чыкса, ал имарат жана аймак, үй дезинфекция жасалат.

11:37 07.04.2020

Суракматов: Биринчи учур – бир үй-бүлөдө эле таксист болуп иштеген киши коронавирусун жуктуруп, өзүнүн ооруп жатканын билбей калган. Ал үй-бүлөсүндө алты кишини  – аялын, кызын, күйөө баласын, эки уулун жана небересин   кошо ооруткан.

"Андыктан, абайлагыла, өзүңөрдү да, башкаларды да ойлогула", - деди мэр.

11:36 07.04.2020

Суракматов: Бишкек шаарында коронавирус менен 25 адам ооруганы аныкталды. Бул 25 адам жакын туугандары болгон 66 адам менен жана бирге иштеген, дос-тааныштары болгон 204 адам менен байланышкан.

11:35 07.04.2020

Орозалиев: Шаарда жөө кишилер эле эмес, автоунаалар да көп болуп жатат. Патруль кызматынын автоунаалары атайын белгилер менен иштөөгө аргасыз. Тартип сактоочулар оройлук кылса, кайрылгыла, чара көрөбүз.

11:24 07.04.2020

Суракматов коронавирус иммунитети алсыздарга жугушу мүмкүндүгүн дагы бир ирет эске алып, калктын аялуу катмарларына - улгайгандар менен жакыр жашагандарга көңүл буруу зарылдыгын айтты. 

11:22 07.04.2020

Суракматов эгерде жарандар карантинде же оорулар менен байланышта кайсы бир учурда болсо, обвсервациядан келип, оорунун белгилери байкалса, дароо медиктерге кайрылууну суранды. 

11:22 07.04.2020

Орозалиев: Өткөн сутка ичинде Бишкекте коменданттык убакыттын талаптарын 74 адам бузган. Алардын ичинен 62 эркек жана 12 аял. 

11:17 07.04.2020

Суракматов: Бишкекте эки аптадан бери өзгөчө абал киргизилип, жасалган аракеттер менен коронавирустун жайылышы көзөмөлгө алынды. Анткен менен Бишкекте ооруну жуктуруп алуу динамикасы жогору. Андай болбош үчүн эл сактанып, коопсуздук эрежелерин сакташ керек.

11:16 07.04.2020

Шаарда коомдук-коопсуздук абал туруктуу. Ал эми 25-мартта тарта 7-апрелге чейин коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн райондук ИИБге 1450 адам жеткирилген. Алардын 1256 эркек, 196 аял. 

11:14 07.04.2020
10:46 07.04.2020

Асрандиев: Бюджеттегилердин айлыгы сакталган. Дагы бир жакшы көрүнүштү байкадым, ишкерлер кызматкерлерин үйдө отургузуп, айлыктарын, жумушчу орундарын сактап калып жатат. Бул жакшы көрүнүш.

10:23 07.04.2020

"Эл аралык валюта фонду 129 млн. доллар, Азия өнүктүрүү жана банкы 100 млн. доллар, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы 150 млн. доллар алууну пландап жатабыз. Дүйнөлүк банктан мурда 9 млн. доллар берилбей калган эле, анын максатын өзгөртүп, дары-дармекке жумшайбыз, андан сырткары дагы 12 млн. долларды бермей болду.

Эмне үчүн мынча каражат тартып жатабыз? Биринчиден биздин бюджет 2020-жылдын ичинде 28 миллиардга жакын зыян тартат. Мунун ордун толукташ керек. Айлык, жөлөк пулду төлөп беришибиз керек. Ошол максатка каражат керек”, - деди Асрандиев.

10:19 07.04.2020

Асрандиев: Кытай менен автомобиль менен жүк ташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Аларга атайын нота жибергенбиз. Кечээ кытайлык кесиптештер менен өкмөт өкүлдөрүнүн видео байланышы болду. Учурда жүк ташуучулар менен коопсуздук эрежелерин сактап, кызматташуу боюнча өзгөчө алгоритм иштелип чыгууда.  

10:09 07.04.2020

Асрандиев: Өз күчүбүздү салмактап туруп, бюджеттин эсебинен анан бизнеске жардам берүү боюнча айтсак, башка өнүккөн өлкөлөр сыяктуу мүмкүнчүлүктөрүбүз жок. Ишкерлерге кайтарымсыз жардам кылып, салыктарды кече албайбыз. 

10:05 07.04.2020

Асрандиев: Жакынкы үч айга кризиске каршы план бекитилген эле. Биринчиден, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо. Андан кийин, бизнестегилер маселеси. Өзгөчө абалдан улам бир топ ишкерлик токтоп калгандыктан, аларга берилчү жеңилдиктер, эң ириде салык жана социалдык төлөмдөр жагы каралган. Ишкерлер мамлекеттик имаратты ижарага алса, аларга жеңилдик катары төлөө мөөнөтү узартылган. Кечигүүлөр боюнча айып салынбайт.

10:02 07.04.2020
09:59 07.04.2020

Учурда 100 миллиондогон адам өз үйүндө карантинде отурат. Министрлик бул күндөрү башка ооруларды чакырып албаш үчүн бир нече эрежелерди сактоону сунуштады.

 

Трансляция групповых программ фитнес-клуба в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Карантинде жатып башка ооруларды чакырып алба! Үйдө жасалчу көнүгүүлөр
09:56 07.04.2020
09:45 07.04.2020

Абдикаримов: Ооруну жуктуруп алган дарыгерлердин абалы учурда канааттандырарлык. Аларды оорунун клиникалык белгилери жок. 

09:43 07.04.2020

Абдикаримов: ПЦР-тесттер жетиштүү. Жогоруда айтып кеткенимдей, 23,5 миң анализди жасаганга жетет. Учурда Түркиядан да тест-системаларды күтүп жатабыз. 

09:41 07.04.2020

Абдикаримов:Кыргызстандан сырткары жүргөн дааватчылардын санын тактоо өтө кыйын экен. Учурда муфтият менен иштеп жатабыз. Эгерде алар сырттан келсе, дароо обсервацияга жаткырып, текшерүүгө алабыз. 

09:40 07.04.2020

Абдикаримов:Таластагы кээ бирлери байланышта болгон. Алар обсервацияда. Коронавирус табылгандар жок.

09:36 07.04.2020

Абдикаримов: Бул маселени учурда комиссия карап жатат. Жуктургандарга башка, ал эми каза болуп калгандар башка каражат төлөнөт деген сунуш бар. Бир ирет жана көп ирет берилүүчү компенсация жөнүндө кеп болууда. Бул боюнча мыйзамды Жогорку Кеңешке киргизебиз. 

09:35 07.04.2020

Абдикаримов: Дарыгерлердин баарына бирдей кийим берилген. Бир катар медиктер жуктуруп алышты. Балким, форманы кийүү эрежесин сактабай калды. Ал эми кийимдер сапатсыз деген болбойт калат. 

09:33 07.04.2020

Казакстандан табылган кыргызстандык айдоочулар бүгүн обсервацияда. 

09:31 07.04.2020

Абдикаримов: Медиктердин айылыгын карап жатабыз, өз учурунда берилет. Кошумча да төлөнөт. Ал эми COVID-19 жуктуруп алгандарды дарылап жаткандарга да каражат кошуп берилет. Эртеңден баштап банктар аркылуу берилип баштайт.   

09:29 07.04.2020

Абдикаримов: тилекке каршы, бүгүн мурдагы 9 медикке дагы кошулду. Алар ооруканага жаткырылды. 

09:28 07.04.2020

Учурда 9 лаборатория иштеп жатат. Алар күнүгө 1200дөн ашуун анализди чыгарат. Жакында баарын бүтүрөбүз.

09:27 07.04.2020

Абдикаримов: азыр азыр так айтуу кыйын. Биз карап, эсептеп жатабыз. 

09:26 07.04.2020

Абдикаримов: Азыр канчага чейин созуларын айта албайм. Биз күнүгө чыккан маалыматтарды алып, андан соң республикалык штабга беребиз. Ал жерден жагдайды карап, көрүшөт.

09:25 07.04.2020


Жалал-Абад облусунда – 80
Ош облусунда – 106
Баткен облусунда – 4
Нарын облусунда – 5
Ысык-Көл облусунда – 3
Чүй облусунда – 30

09:24 07.04.2020

Абдикаримов: med.kg сайтынан баардык маалыматтарды таба аласыз. Ал жерге баардыгы жазып илинген, таблицалар менен берилген. 

09:19 07.04.2020

 Абдикаримов: алардын ичинен 3 эркек жана 9 аял. Баары Ош облусунда обсервацияда жаткан.

 

09:16 07.04.2020

Абдикаримов: Бишкек шаарындагы үч мейманканада жаткандардан да чыккан учурлар болду. Алардын ичинен COVID-19 табылгандарды жана тыгыз байланышта болгондорду алып калып, калганын үйгө чыгарабыз. 

09:14 07.04.2020

Абдикаримов: азыр 23,5 миң анализге тест система бар. Берилген жардам үчүн Россия тарапка чоң ыраазылык билдиргим келет. Бул жакшы жардам берди. 

09:13 07.04.2020
09:12 07.04.2020
09:07 07.04.2020
09:07 07.04.2020
09:07 07.04.2020

Маалыматты Саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримов берип жатат

Жаңылыктар түрмөгү
0