Карантинде жатып башка ооруларды чакырып алба! Үйдө жасалчу көнүгүүлөр

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүТрансляция групповых программ фитнес-клуба в Новосибирске
Трансляция групповых программ фитнес-клуба в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда 100 миллиондогон адам өз үйүндө обочолонуп отурат. Министрлик бул күндөрү башка ооруларды чакырып албаш үчүн бир нече эрежелерди сактоону сунуштады.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Карантин убагында үйдө кыймылсыз жата берүү башка ооруларды пайда кылышы мүмкүн. Андыктан күнүнө бир сааттын тегерегинде көнүгүү жасап туруу шарт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамасында жазылат.

Адамдын көп кыймылда болушу вирустук инфекциялардын тобокелчилигин кыйла төмөндөтөрү белгиленет. Андан тышкары, үзгүлтүксүз жасалган көнүгүүлөр диабет, жүрөктүн ишемия оорусу, гипертония сыяктуу өнөкөт оорулары бар адамдардын абалын жакшыртат. Бул туурасында COVID-19 боюнча жакында эле жасалган изилдөөлөрдө аныкталганы айтылат.

Глобалдуу көйгөйгө айланган COVID-19 пандемиясынан улам 100 миллиондогон адамдын өз үйүндө обочолонуу зарылчылыгы жаралды. Жабык мейкиндикте аргасыздан узак убакытка чейин болуу адам физиологиясынын көпчүлүк аспектилерине таасир этет. Төмөндө келтирилген сунуштар кандайдыр бир симптомдору же курч респиратордук вирустук оорунун диагнозу коюлбаган, карантин учурунда отурган адамдарга арналган.

Кандай шартта көнүгүү жасоо керек?

Бир күндүк көнүгүүлөр 60тан 75 мүнөткө чейин созулушу керек. Бул сыртта, эгер ага шартыңыз туура келбесе балконго чыгып же терезелерди ачып коюп жасаңыз.

Министр образования и науки КР Каныбек Исаков - Sputnik Кыргызстан
Чын жүрөктөн ой бөлүшкүм келди. Билим берүү министри ата-энелерге кат жолдоду
Күн сайын жалгыз же үй-бүлө менен таза абада дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо шарт. Шартка жараша короодогу башка адамдардан мүмкүн болушунча аралыкты (1,5 метр) сактагыла.

Ошону менен катар үй-бүлө мүчөлөрүнөн башка адамдар менен пикир алышып же алар менен чогуу машыгуу жаңылыштык экенин эстен чыгарбыңыз.

Отурган тейде 60 мүнөт жана жаткан тейде 5-10 мүнөткө чейин ар кандай кыймылдарды аткаргыла. Бул өзгөчө кан айлануунун бузулушу, диабет жана башка кан тамыр ооруларынан жапа чеккен адамдар үчүн маанилүү.

Сунушталган көнүгүүлөр

Жер үйдө жашагандарга тепкич болсо аны менен жогору көтөрүлүү, секирүү, чогулуп бийлөө, күч жумшоочу көнүгүүлөрдү же ал гана эмес кан айланууну жакшыртууга багытталган видеооюндарды ойноо сунушталат. Скакалка, суу куюлган шише, отургуч жана башка буюмдар менен эле үй шартында машыгуу залын уюштуруп алсаңыз болот. Балкон же терасса болсо, ошол жерде машыгуу оң.

Күн сайын чоюлуу жана терең дем алуу ыкмаларын колдонуу шарт. Кол жана буттарыңызга 10 мүнөттөн кем эмес көнүгүү жасаңыз.

Көнүгүүлөрдү туура жасоону интернеттен онлайн сабактар аркылуу көрүп тургула. Көнүгүүлөрдү кандай аткарып жатканыңыз боюнча социалдык тармакка сүрөт, видеолорду жүктөп, башкаларга да сунуштаңыз. Ошол эле учурда жаракат алуу тобокелчилиги жогору болгон ыкмаларды жасап, дарыгерлерге кошумча жумуш жаратпаңыз.

Балдарга болгон мамиле

Ата-энелер балаңыз башка балдар менен бирге ойношуна чек коюңуз. Балдарга парктагы көнүгүү жасачу жана ойноочу каражаттарды колдонушуна уруксат бербеңиз. Өзгөчө темир жана пластик буюмдарды кармабашы керек, анткени алардын бетинде вирус болушу мүмкүн.

Сууну көбүрөөк ичкиле

Балкондо турган аял жана эркек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Карантин маалында үй-бүлөлүк көйгөйлөр көбөйүп жатат. Психолог менен маек
Суусундукту көп ичүү ооз, мурун көңдөйүндө инфекциянын узак убакытка чейин болушуна жол бербейт жана организмдин вирустар менен күрөшүү процессинде пайда болгон ууларды жок кылат. Таттуу суусундуктар же алкоголь ичимдиктеринин ордуна жөнөкөй сууга артыкчылык бергиле. Айрым бөлмөлөр кургак болушу мүмкүн, бул дем алуу көйгөйүн жаратат. Андыктан нымдуу абаны камсыздаш керек.

Эң башкысы, мунун баарын өзүңүздүн жана үй-бүлөңүздүн көңүлүнө жаккандай кылып жасаңыз. Анын негизги максаты - стресстен арылуу жана көңүл ачууга багытталган. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн чогулуп кандайдыр бир нерсени жасашы жабык бөлмөдө көпкө отурган балдар үчүн кооптонуудан арылууга жардам берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0