Россия Кыргызстанга коронавирусту аныктоочу 5 миң ПЦР-тест берди

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүТест-системы для диагностики нового коронавируса
Тест-системы для диагностики нового коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
COVID-19га каршы атайын каражаттар эки мамлекеттин башчыларынын макулдашуусунун негизинде жөнөтүлгөн.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Россия Кыргызстанга коронавирусту аныктоочу 5 миң ПЦР-тестти реагенттери менен кошуп бекер берди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Беш миң тест реагенттери менен кошо бүгүн Кыргызстанга Екатеринбург — Бишкек чартердик каттамы менен жеткирилди. Жардам эки мамлекеттин башчыларынын макулдашуусунун негизинде берилген.

ПЦР-тесттер Саламаттык сактоо министрлигинин балансына өткөрүлүп берилди.

Буга чейин ушул эле рейс менен Белоруссиядан коронавирусту аныктаганга жардам берген тест реагенттери менен кошо келген

Коронавирус жана Кыргызстан

Коронавирусту аныктоого тест жасоо - Sputnik Кыргызстан
Коронавирусту аныктаган тест-система Кыргызстанда жетишсизби? Министрдин жообу
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 216га жетти. Анын ичинен 42 киши айыгып чыкты.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0