Шейшембиге карата аба ырайы

© AFP / LOIC VENANCE Жаан учурунда кишилер зонтиктер менен. Архив
Жаан учурунда кишилер зонтиктер менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
7-апрелде күндүз Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Шейшемби күнү, 7-апрелде өлкөнүн тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Кол чатыр көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үшүк жүрөт! Бир жумага карата аба ырайы
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +19...+24, Ысык-Көл аймагында +13...+18 жана Нарын жергесинде +14...+19 градус жылуу болот.

Бишкекте күн ачык болсо, ал эми Ошто бир аз жаан жаайт. Күндүн табы борборубузда жана Ошто +22...+24 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0