Дыйкандар үрөн менен жер семирткичтен кыйналбайбы? Министрликтин маалыматы

Жазылуу
Аткаминердин айтымында, айрым аймактарга өзгөчө абал киргизилгенине карабай жазгы талаа иштери пландагыдай жүрүп жатат.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргызстанга 64,5 миң тонна үрөн керек болсо, учурда анын 55 миң тоннасы даярдалды. Бул туурасына айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев брифинг учурунда билдирди.

Тагыраак айтканда, өлкөдө буудай, арпа, жүгөрү, картошка, чанактуу май өсүмдүктөрүнүн жана пахтанын үрөнү жетишүү.

“Азыркы тапта дыйкандарыбызда үрөн маселеси боюнча кыйынчылык жок. Быйыл кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн аянты кеңейтилүүдө. Мындан сырткары, түшүмдүүлүгүн 15-20 пайызга жогорулатуу боюнча иштеп жатабыз”, — деди Керималиев.

Ошондой эле өлкөдө 10 ишканадан түзүлгөн ассоциация жер семирткичтер менен камсыздап турганын кошумчалады.

Соңунда Керималиев өлкөнүн айрым аймактарына өзгөчө абал киргизилгенине карабай жазгы талаа иштери пландагыдай жүрүп жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0