Жогорку сот толугу менен ишин токтотту

Жазылуу
Коронавирустан улам жалпы өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Ноокат, Сузак жана Кара-Суу райондоруна өзгөчө абал режими киргизилген.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Жогорку сот толугу менен ишин токтотуп, карантинге жабылганын кабарлады.

Призывники Национальной гвардии КР - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жазгы мөөнөттөгү аскерге чакыруу токтотулду
Маалыматта карантиндин мөөнөтү бүгүн, 6-апрелде, башталып, 13-апрелге чейин созулары айтылат. Ал эми жарандар Жогорку сотто жылдырылган иштердин графиги менен 0 312 66-35-01 (жазык иштер боюнча), 0 312 66-34-29 (административдик жана экономикалык иштер боюнча), 0312 66-30-40 жана 0312 62-19-29 (жарандык иштер боюнча) телефондору аркылуу тааныша алат.

Эскерте кетсек, коронавирустан улам жалпы өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Ноокат, Сузак жана Кара-Суу райондоруна өзгөчө абал режими киргизилген.

Буга чейин Жогорку сот айрым кызматкерлерин аралыктан иштөө тартибине өткөрүп, кадимки режимде иштеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0