Коронавирус жуктургандар эмнеге кескин көбөйүп кетти? Министрдин жообу

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Саламатттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов. Архив
Саламатттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн саламаттык сактоо министри бир сутканын ичинде өлкөдө 69 адам COVID-19 жуктурганы тастыкталганын маалымдаган.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Кыргызстанда жаңы алып келинген тесттер иштетилип жаткандыктан көп адамдан коронавирус аныкталууда. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, өткөн сутканын ичинде өлкөдө 69 адамдын COVID-19 жуктурганы тастыкталды.

“Жаңы аныкталгандардын баары обсервацияда жаткан. Анын ичинен бир гана кишиде клиникалык белгилер бар, калганында оорунун козгогучу болууда. Биз баарын ооруканага жаткырдык. Булар обсервацияда жатып, сырттагыларга коркунуч жаратпаганы бизди сүйүндүрөт. Бул кечээги тест-системанын иштегенинин белгиси болуп эсептелет. Ошондуктан бүгүн вирус жуктурганы аныкталгандардын саны кескин өскөнү байкалды”, — деди Абдикаримов.

Соңку маалымат боюнча, Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 216га жетти. Анын ичинен төрт адамдын каза болгону кабарланды. Ал эми 42 киши ооруну жеңип чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0