Көлдүн тоосунан табылган сөөк. ИИМ окуянын чоо-жайын айтты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүКылмыш болгон жер. Архив
Кылмыш болгон жер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоо органдары азырынча өлүгү табылган адамдын аңчылык лагеринде эки кишинин өлүмүнө себепкер болгон Смирнов экенин айтуу эрте дешти.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. 4-апрель күнү Эңилчек тоолорунан табылган белгисиз адамдын сөөгү Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын патологоанатомиялык бөлүмүндө экспертизадан өткөрүлүп жатат. Мындан улам анын аңчылык лагеринде эки адамды өлтүрүп кеткен Сергей Смирнов экенин айтууга эрте. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Эскерте кетсек, кечээ айрым ЖМКларда маалымат тарап, табылган адам Смирнов болушу мүмкүн деген божомол айтылган. Окуя былтыр болгон. 29 жаштагы кызматкер "Хан-Теңири" аңчылык лагеринин жетекчисинин орун басары менен ошол жерде иштеген дагы бир кишини өлтүрүп, тоого жашырынып кеткен. Ал мамлекеттик издөөгө алынган болчу.

"Ак-Суу районунун Криминалдык милиция кызматына Эңилчектеги тургун мыйзамсыз курал сактап жүргөнү боюнча маалымат түшкөн. Ыкчам топ аталган аймакка барган. Териштирүү иштеринин алкагында "Хан-Теңири" лагеринен үч чакырым алыстыкта адамдын бузулуп кеткен сөөгү табылган. Кароо учурунда аскердик камуфляж менен сары түстөгү бут кийимдин бөлүкчөлөрү, жанынан 25 огу бар "Вепрь" куралы алынган. 5-апрель күнү сөөк облустук бириккен оорукананын патологоанатомиялык бөлүмүнө жеткирилиген. Факт Ак-Суу райондук милициясы тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды", — деп айтылат маалыматта.

Милициядан иликтөө иштери уланып жатканын белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0