Министрлик Сузакта каза болгон дарыгер боюнча маалымат таратты

© AFP / CHARLES ONIANSДарыгер. Архив
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Текшерүүдөн кийин врачтын төрт айдан бери ооруп, өз алдынча дарыланып келгени белгилүү болгон. Бейтап коронавируска да тест тапшырып, бирок анализи таза чыккан.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Сузак районундагы аймактык ооруканага пневмониянын өтүшүп кеткен түрүнөн жабыркап түшкөн психиатр дарыгер 3-апрелде каза болгон. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматта Үйбүлөлүк медицина борборунда иштеген 64 жаштагы психиатр обсервация жайларына тартылган эмес, ошондой эле үй карантинине алынгандар менен да байланышкан эмес.

"Дарыгер ооруканага 31-март күнү өтө оор абалда келди. Дароо реанимацияга жаткырылып, текшерүүдөн кийин дарылоонун тиешелүү түрү белгиленген. Натыйжада анын өткөн жылдын декабрь айынан бери ооруп, өз алдынча дарыланып жүргөнү белгилүү болду. Врач обсервация иштерине тартылган эмес, ошондой эле үй карантинине алынгандар менен да байланышкан эмес. Коронавирус боюнча тесттен өтүп, жыйынтыгы анда вирус жок экенин аныктаган", — деп айтылат билдирүүдө.

Врач 3-апрелде көз жумган. Маалыматта анын жардамга кеч кайрылганы белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0