Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев үй карантинине алынды

© Фото / Пресс-служба Правительства КР / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абылгазиев менен Ош жана Жалал-Абадга барган 12 киши Бишкектен экспресс-тесттен өтүп, биринен да вирус аныкталган эмес. Бирок үч күнгө үй карантинине жиберилген.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош жана Жалал-Абад облустарына барып келгенден кийин 12 адам менен коронавирус инфекциясынын бар-жогун аныктай турган экспресс-тесттен өтүп, үй карантинине алынды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Медициналык маска кийген адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги үч киши COVID-19ду кайдан жуктурганы айтылды
Ага ылайык, эпидемиологиялык кырдаал начар аймактарда эки күн болгон делегациянын бардык мүчөлөрү Бишкекке келери менен экспресс-тесттен өтүп, биринен да вирус аныкталган жок. Бирок тобокелчиликтерди азайтуу максатында алар үч күнгө үй карантинине жиберилген.

Ошондой эле коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдөгү аракеттерди координациялоо боюнча ыкчам штабга тартылган өкмөт аппаратынын кызматкерлери да экспресс-тесттен өтүшкөн.

Эскерте кетсек, Абылгазиев башында турган делегация түштүк тарапка 4-апрель күнү барган. Ал жактагы санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерип, инфраструктурасы менен таанышып, нөөмөттө турган аскер жана милиция кызматчылары, медиктер жана санитардык кызматкерлер менен маектешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0