Бишкектеги үч киши COVID-19ду кайдан жуктурганы айтылды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМедициналык маска кийген адамдар. Архив
Медициналык маска кийген адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан Кыргызстанда 147 адамдан коронавирус аныкталып, анын 9у сакайды. 4-апрелде өлкө боюнча 9 дарыгер COVID-19 жуктуруп алганы кабарланды.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. 5-апрелге карата коронавирус аныкталган эки аял менен бир эркектин үчөө тең вирусту өлкөдө ич ара байланыш аркылуу жуктуруп алган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

"Бишкекте коронавирус аныкталган үч жаран тең вирусту Кыргызстандын аймагынан жуктуруп алган", — деди министрликтин маалымат кызматы.

Эске салсак, бүгүн өлкөдө коронавирус дагы үч адамдан аныкталды. Алардын баары Бишкектен экени айтылды.

Кыргызстандагы коронавирус

Жүк ташуучу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда жүк ташып иштеген төрт кыргызстандыктан коронавирус аныкталды
Жалпысынан Кыргызстанда 147 адам коронавирус жуктуруп, анын 9у сакайды. Вируска кабылган алгачкы бейтап 2-апрелде көз жумду. Ал Ноокат районунун 61 жаштагы тургуну эле.
Ошондой эле 4-апрелде өлкө боюнча 9 дарыгер COVID-19 жуктуруп алганы кабарланды. Алардын жетөө Жалал-Абад облусунда, бирөө Бишкек, дагы бирөө Ош шаарында эмгектенет.

Ушул тапта эпидемиологиялык кырдаалдан улам Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими иштеп жатат. Ал эми Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Экинчи режим катаалыраак болуп саналат.

Өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0