Коронавирусту аныктаган тест-система Кыргызстанда жетишсизби? Министрдин жообу

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКоронавирусту аныктоого тест жасоо
Коронавирусту аныктоого тест жасоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирусту аныктоочу тест-системанын 84 топтому Кытайдан келсе, Түркия 350, Россия 90ду жиберери айтылды.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Кыргызстанга тест-системаларды алып келүү иштери уланып жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө КРде коронавирусту тез аныктай турган 60 миңдей экспресс тест-система бар. Ал эми жөнөкөй тест-система жаатында көйгөйлөр жаралууда. Бүгүнкү күндө 17,9 анализ чогултулса, тест-системанын жетишсиздигинен анын 8100ү тоңдурулуп турат.

"Мурдагы күнү өлкөгө беш тест-система топтому алып келинип, лабораторияга жөнөтүлгөн. Ар бир топтом 220 анализди аныктай алат", — деди министр.

Ал бүгүн саат экиде Кытайдан коронавирусту аныктоочу тест-системанын 84 топтому келерин, аркы жумада Түркия 350, Россия 90 тест-система топтомун жиберсе, бул маселе толугу чечиле турганын кошумчалады.

Кыргызстандагы коронавирус

Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов  - Sputnik Кыргызстан
Министр Абдикаримов: 5 кишинин абалы оор, өз алдынча дем ала албай жатышат
Жалпысынан Кыргызстанда 147 адам коронавирус жуктуруп, анын 9у сакайды. Вируска кабылган алгачкы бейтап 2-апрелде көз жумду. Ал Ноокат районунун 61 жаштагы тургуну эле.

Ошондой эле 4-апрелде өлкө боюнча 9 дарыгер COVID-19 жуктуруп алганы кабарланды. Алардын жетөө Жалал-Абад облусунда, бирөө Бишкек, дагы бирөө Ош шаарында эмгектенет.

Ушул тапта эпидемиологиялык кырдаалдан улам Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими иштеп жатат. Ал эми Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондорунда 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Экинчи режим катаалыраак болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0