Айдоочулардын температурасын текшерип жаткан медицина кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстандагы коронавирус. Учурдагы абалдын тексттик баяндамасы

Жазылуу
Бүгүн эртең менен дагы үч кишиден коронавирус табылганы айтылып, бейтаптардын саны 147ге жетти. Жаңы аныкталган адамдардын баары Бишкектен.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги өлкөдөгү абал тууралуу тексттик баяндамасын улантат. 

Белгилей кетсек, кечээ тогуз медик коронавирус жуктуруп алганы айтылды. 

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
15:26 05.04.2020
15:23 05.04.2020

Ош облустук штабдын билдиргенине караганда каза болгон бейтап эркек киши болчу. Ал буга чейин Ноокат районунда Гулистан айыл өкмөтүндө жашачу.

"Маркумдун сөөгү бүгүн, 5-апрель күнү, жерге берилди. Аны туугандары жана жергиликтүү бийликтен жалпы 10дон ашпаган адам сапарга узатты. Ислам дининдеги салттык үрп-адат сакталып, жууп кепиндөө иштерин дарыгерлер жүргүзгөн. Милиция кызматкерлери тарабынан коопсуздук чаралары көрүлдү", — деп айтылат маалыматта.

15:22 05.04.2020

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош жана Жалал-Абад облустарына барып келгенден кийин 12 адам менен коронавирус инфекциясынын бар-жогун аныктай турган экспресс-тесттен өтүп, үй карантинине алынды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, эпидемиологиялык кырдаал начар аймактарда эки күн болгон делегациянын бардык мүчөлөрү Бишкекке келери менен экспресс-тесттен өтүп, биринен да вирус аныкталган жок. Бирок тобокелчиликтерди азайтуу максатында алар үч күнгө үй карантинине жиберилген.

Ошондой эле коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдөгү аракеттерди координациялоо боюнча ыкчам штабга тартылган өкмөт аппаратынын кызматкерлери да экспресс-тесттен өтүшкөн.

13:46 05.04.2020

Көз жумган адам Оштон. Коронавирусту чет өлкөдөн жуктуруп келип, Ноокат аймактык ооруканасында дарыланып жаткан.

13:36 05.04.2020

5-апрелге карата коронавирус аныкталганэки аял менен бир эркектин үчөө тең вирусту өлкөдө ич ара байланыш аркылуу жуктуруп алган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

13:16 05.04.2020

Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов азык-түлүк, тамак-аш азыктарын жер-жерлерге жеткирип жаткан ишкерлерди алардын баасын кымбаттатпоого чакырат. Ошондой эле ал бүгүнкү кырдаалда эл үчүн иштеп, сооп иштерди аткаратурган кез экенин белгилейт.

12:01 05.04.2020

Түштүк тараптан Токомбаев көчөсүнөн (Түштүк магистраль) түндүк тараптан Чоң Чүй каналына, чыгыш тараптан Чолпон-Ата көчөсүнө жана батыштан Садырбаев көчөсүнө чейинки (мурдагы Бах көчөсү) аймакты кыймыл токтойт.

"Бул аймактар жүргүнчүлөр менен унаалар үчүн жабык болот. Бирок мурда жабылган жерлер ачылбайт, ошол боюнча калат. Мындан тышкары, дезинфекциялык иштер жүрүп жатат", — деди шаардын коменданты Алмаз Орозалиев.

11:21 05.04.2020

Республикага ПЦР үчүн тест-системалардын 5 топтому келип түшкөн, алар лабораторияларга жеткирилген. Тест-системалардын ар бир топтому 220 изилдөөнү жүргүзөт, жалпысынан 1100 талдоо жасай алат. Бүгүн жакшы жаңылык бар, биз Кытай Эл Республикасынан ПЦР 84 тест-топтомун кабыл алабыз. Мындан тышкары, кийинки жумада Белорусиядан 90, Түркиядан 350 тест-системалардын топтомун күтүп жатабыз. Ошону менен биз тест-системасы боюнча көйгөйлөрдү чечип алдык, — деп билдирди саламаттык сактоо министри Абдикаримов.

11:10 05.04.2020

Коронавирус инфекциясына чалдыккан 147 адам менен байланыш түзгөн адамдардын саны – 5048. Анын ичинен эң жакындары жана үй-бүлөсү менен байланышкандар – 548. 2-категориядагылар (башкалар) менен байланышкандардын саны – 1454. 

10:57 05.04.2020

4-апрелден 5-апрелге караган түнү Кыргызстандын өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык саатты 99 киши бузуп, башка күндөргө салыштырмалуу азыраак болду. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарында – 84;
Ош шаарында – 11;
Сузак районунда – 2;
Кара-Суу районунда – 2.

Бир дагы автоунаа катталган эмес.

10:54 05.04.2020

Кыргызстанда коронавируска кабылган беш кишинин абалы оор, алардын дем алуусу кыйындап жатат. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, медициналык жайларда 146 киши жатса, анын тогузу оорудан айыкты.

"Учурда беш кишинин абалы оор. Экөө жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылса, экөө кычкылтек менен дем алып жатат", — деди министр.

Жаңылыктар түрмөгү
0