17:03 04 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.9200
  • EUR82.8348
  • RUB1.0711
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1496)
707 0 0

Аялдар жүк ташыган бусик менен келишкен. Транспортту Сокулук районундагы Маловодное айылындагы постто турган күзөтчүлөр токтотушкан.

БИШКЕК, 4-апр. – Sputnik. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунан Сокулукка келген үч аялдан коронавируска анализ алынды. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев билдирди.

Коронавируска шектелип обсервацияга алынгандар жайгашкан имараттар, алардын турак-жайлары, базар, облустук клиникалык оорукана дезинфекцияланууда.
© Видео / пресс-служба мэрии города Джалал-Абад
Анын айтымында, аялдар жүк ташыган бусик менен келишкен. Транспортту Сокулук районундагы Маловодное айылындагы постто турган күзөтчүлөр токтотушкан. Аялдардын жанында Кара-Суу районундагы айыл өкмөттөрүнүн биринен берилген маалым каты болгон. Милиция аларды жашаган жерине чейин коштоп барып үй карантининде болууга чакырышкан. Медиктер алардан анализ алышкан, жыйынтыгы азырынча чыга элек. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү үйдү көзөмөлгө алышты, аймактык тергөөчү үй карантининин сакталышын көзөмөлдөп турат.

Намазалиевдин маалыматы боюнча аялдар Кара-Суу районунда катталган, бирок Чүй облусундагы айылдардын биринде жашашат.

“Өзгөчө абал режими кирген Кара-Суу районунан келип алган аялдардын аракетине юридикалык баа берилет”, - деди ыйгарым укуктуу өкүл.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 144 адам (77 аял, 67 эркек) коронавирус жуктурганы аныкталган. Тилекке каршы, вируска кабылган Ноокат районунун 61 жаштагы тургуну 2-апрелде көз жумду. Бул өлкө ичинде катталган алгачкы учур. 144 бейтап кайсы аймактарда экенин материалдан окуңуздар.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1496)

Тема боюнча

Ысык-Көлдө адамдарды жүк ташуучу унаага катып бараткандар кармалды. Сүрөт
Ала-Букада коронавирус жугушу мүмкүн деп 15 дарыгер обсервацияга жаткырылды
Премьер-министр Абылгазиев Ошто нөөмөттөгү аскерлер, медиктер менен жолукту. Сүрөт
Белгилер:
Кара-Суу району, өзгөчө абал, режим, карантин

ЭҢ МААНИЛҮҮ