Кара-Суу районундагы обсервацияга алынгандар жеке ооруканага которулду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЦеремония открытия Ошской городской клинической больницы
Церемония открытия Ошской городской клинической больницы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытай мамлекетинен алып келинген ыкчам тесттер менен текшерүү аркылуу жыйынтык чыгарылат. COVID-19 байкалбаган жарандар үй карантинине алынып, көзөмөлдө болот.

БИШКЕК, 4-апр. – Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районундагы обсервацияга алынган жарандар бүгүн Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы 65 орундуу жеке клиникага которулду. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

Анда жарандар дарыгерлердин көзөмөлүндө, дары-дармектер жетиштүү экендиги айтылган.

"Мындан ары обсервация иштеринин алгоритми өзгөртүлдү. Кытай мамлекетинен алып келинген ыкчам тесттер менен текшерүү аркылуу жыйынтык чыгарылат. COVID-19 байкалбаган жарандар үй карантинине алынып, көзөмөлдө болот", - деп айтылат маалыматта.

Работа Бишкекского научного центра травматологии и ортопедии - Sputnik Кыргызстан
Ала-Букада коронавирус жугушу мүмкүн деп 15 дарыгер обсервацияга жаткырылды
Эскерте кетсек, Кыргызстандын аймагында эпидемиологиялык кырдаалдан улам Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Өлкөдө COVID-19 вирусу менен катталгандардын саны 144 адамга жетти. Алардын ичинен 9 дарыгердин ооруну жуктуруп алганы маалым болду. Андан сырткары, Жалал-Абад облусундагы мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин 49 кызматкери обсервацияга алынды

Бүгүн өлкө ичинде жана дүйнөдө абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0