Ажат ачкан 300 доллар. Очогумду сактап калган кайнежеме айтылган алкыш

© Sputnik / Эмиль СадыровЖизнь и быт в Баткенской области
Жизнь и быт в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адамдын көңүлү — гүл. Жылт эткен жарык, жакшы көз караш, жагымдуу сөз маанай көтөрүп, ал тургай бир нече күн жүрөктү жылуулук аралап жүрөт.

Sputnik  Кыргызстан маалымат агенттигинин "Ак жарык" рубрикасынын алкагында жашоодо жакшылыгын аябаган, ага себепчи болгон адамдардын окуясы жарыяланып келет. Бул ирет кайнежесинин кылган жакшылыгына ыраазы болгон келиндин окуясы баяндалат.

...Биз азыр үч баланын ата-энесибиз. Кудайга шүгүр, жашообуз жакшы. Өткөн турмушума кылчайып, бир адамга рахмат айткым келди. Ал адам кайнежем болот. Анын ошол кездеги колдоосуна, менин кетирген чекилигимди түшүнгөнүнө ыраазы болом.

Детство — беззаботная пора - Sputnik Кыргызстан
Тайларыма рахмат деле айтпасак керек... Ак жарыкка жазылган ыраазылык
Бул мындан 15 жыл мурун болгон окуя. Мен анда экинчи баламды төрөп үйдө декретте отурган кезим. Улуу кызым үч жашка чыгып калган. Бир жылдай үйдө отуруп, убакытты бекерге өткөрбөй бир иш менен алектенип, акча тапкым келди. Ошентип жүрүп эле кайнежемдикине мейманга барып, Жазгүл деген келин менен таанышып калдым. Ал мага шыпылдап, азыр белгилүү эле бир тармактык маркетинг тууралуу айтып берип, сабактарына катышып турууга чакырды. Ансыз деле үйдөн тажап, башка иш менен алектенип, изденгим келип турган жаным дароо макул болдум.

Сабактарына барып үйрөнүп, баары жагып, кыялдана баштадым. Ага чейин тармактык маркетинг тууралуу маалыматым деле аз экен. Оюмда акча тапсам эле аны жүгүртүп бизнес жасайм деп жатам. Бассам-турсам акча таап, товар алып, сатып айлантуу болуп калды. Ошондой күндөрдүн биринде күйөөм машинасын сатып, акчасын үйгө алып келип койду.

Жолдошум Урмат намаз окучу. Жумушу убактылуу токтогондуктан көп өтпөй кырк күнгө дааватка кетип калды. Анан мени кудай урду. Күйөөмдүн катаал мүнөзүн билип туруп, жанагы акчаны алып, товар алып турууну чечтим. Жазгүлгө айтсам, ал дароо эле: "ой, күйөөң келгиче ордун тургузуп коёсуң. 200 доллар салсаң, дароо үчүнчү тепкичке көтөрүлөсүң, айлык чыгат", — деди.

Балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үч жетимди томсортпой бооруна кысып... Өгөй эненин ак жарыгы
Кыскасы, айтпай-дебей эле күйөөмөн баш-аягы 300 доллар алып, салып жибердим. Эч кимге айткан жокмун. Кийин жолдошум келгенде алгач акчасын караган деле жок.

Ал иштеп жүрдү. Мен акчанын ордун тургуза албай, товарларды өткөрө албай убара болдум. Же акча алганымды айта албайм. Баягы 300 доллар көздөн учуп, өзүмдү жеп салдым. Жазгүлдөн пайда жок. Акчанын айынан аны менен да уруша кеттим. Урматтан коркуп жүрөм. Анткени күйөөм башынан бир мүнөз, көк бет.

Ошентип кыйналып жүрсөм жолдошум үстүнө акча кошуп машина ала турган болуп калды. Ал тургай машина да таап, сүйлөшүп коюптур. Караса эле баягы акча кем чыкты. Биз үчүн 300 доллар чоң акча эле.

Күйөөм акча кайда деп сураганда тармактык маркетингге салганымды айтпай койдум. Кыскасы, аябай урушуп, жолдошум кол көтөрүп жиберди. Мен да тажаган жаным бир топ сөз айтып жибердим окшойт. Ыйлаган бойдон кайнежемдикине кетип калдым. Барып болгонун айттым. Оюмда кетем деп жатам. Анан эжем "эми болору болуптур, акчаны мен сурагам, сага айтпа дегем деп коёюн. Азыр сага 300 доллар берип турайын. Иштегенде берерсиң", – деди. Макул болдум. Эжем дароо Урматты чакырып, дасторкон үстүндө баарын түшүндүрүп акчаны карматып, акыл-насаатын айтып бизди жолго салды. Ичимен кубанганымды айтпа. Үстүмөн бир оор жүктү алып салгандай эле болду. Ошентип бир балээден кутулуп, экинчи тармактык маркетингге жологус болгом.

Улуттук окнология борборундагы өспүрүм. Архив - Sputnik Кыргызстан
Онкологиядагы балдардын азабын жеңилдетип... Студенттердин ак жарыгы
Бирок баягы акчаны деле толуктап кайтарып бере алган жокмун. Ушул 15 жыл ичинде жолдошум экөөбүз көп эле ыйкы-тыйкы болдук. Кайнежем бир да жолу мага каршы сүйлөгөн жок. Дайым мен тарапта болуп, жолдошумду эсине келтирип койчу. Мен да колуман келишинче жеңилин жерден, оорун колдон алып келдим. Сырдаш болдук. Баягы 300 доллар деле унутулду, аны эстеп, бир да жолу сөз кылган жок.

Бири-бирине душман болгон кайнеже-келиндерди деле көрүп жүрөбүз. Ошондойлорду уккан сайын тобо келтирип, бир тууган болуп калган кайнежеме сыйым ого бетер артат.

Кайнежемдин мага кылган жакшылыгына, адамгерчилигине рахмат айткым келди. Ыраазымын, эжеке!

Эгер сиз да ушундай жанга жагымдуу окуяны башыңыздан өткөрсөңүз же бирөөнүкүнө күбө болсоңуз news@sputnik.kg дарегине кат жазып, ыраазычылык билдирсеңиз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0