Кыргызстанда окуучулар IV чейректи үйдөн окумай болду

© Sputnik / Табылды КадырбековВопрос Минобрнауки: удалось ли урегулировать вопрос школьной формы по КР?
Вопрос Минобрнауки: удалось ли урегулировать вопрос школьной формы по КР? - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу IV чейректи дистанттык формада окутуу чечими кабыл алынганын кабарлады.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Кыргызстанда 8-апрелден тарта мектеп окуучулары аралыктан окутулат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, министрлик тарабынан өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу IV чейректи дистанттык формада окутуу чечими кабыл алынды.

Мындан улам Жусупбекова ата-энелерге жана мугалимдерге кайрылуу жасады.

“Кымбаттуу окуучулар, XXI кылымдын жаштары илим-билимге умтулган, прогрессивдүү экенин далилдеңиздер. Маалыматтык, коммуникациялык технологияларды колдонуп, мугалимге, ата-энелерге жардам берип билим алыңыздар. Урматтуу педагогдор, “биз ушундай кырдаалда дагы билим бере алабыз” деп бардык күчүңүздөрдү жумшаңыздар. Өлкөбүздүн келечеги үчүн балдарды окуудан артта калтырбайт деп сиздерге ишенебиз. Урматтуу ата-энелер, ар бир балага жакшы шарт түзүп бериңиздер. Жоопкерчилик баарыбызда, ынтымактуу иштесек ийгиликтүү алып кете алабыз”, — деди Жусупбекова.

Мындан сырткары, ал дистанттык формада окутууда көчүрүү жана бүтүрүү экзамендери, республикалык жана альтернативалык олимпиадалар тууралуу кошумча маалымат берилерин эскертти.

Дистанционное обучение - Sputnik Кыргызстан
Окуучулар IV чейректе дистанттык түрдө кантип окуй турганын министрлик түшүндүрдү
Министрликте дистанттык билим берүү тобу уюштурулган, алар ар бир регион менен байланышып турат. Аларга 0550 512 075, 0550 801 026 ыкчам номери аркылуу кайрылып, кенен маалымат алууга болот.

Белгилей кетсек, 8-апрелден тарта IV чейректин сабактары КТРдин "Баластан" (1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн), ЭлТРдин "Илим Билим" (5-11-класстын окуучулары үчүн) каналдарынан жана "Санат", "Пирамида", "5-каналдарынан" өтүлөрү айтылган.

Эске салсак, өлкөдө коронавирус катталганга чейин эле билим берүү мекемелеринин баары мөөнөтсүз каникулга тараган. Жогорку окуу жайлары 16-марттан баштап эле дистанттык окууга өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0