Бишкектин абасы тазарды. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековРежим чрезвычайного положения в Бишкеке из-за коронавируса
Режим чрезвычайного положения в Бишкеке из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаада атмосферадагы зыяндуу заттардын концентрациясы кыйла азайды. Муну интернет колдонуучулар дагы байкаган.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Бишкекте абадагы РМ 2.5 майда бөлүкчөлөр азайды. Бул тууралуу атмосферадагы зыяндуу заттарды жарыялаган AirKaz сайтына жарыяланды.

Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясына байланыштуу Бишкектеги кыймылга катуу чектөөлөр киргизилген. Атайын өткөрүү кагазы жок бир дагы транспорт ээси шаар ичинде жүрө албайт. Ал эми транспорттон чыккан түтүн абаны булгаган негизги булак экени айтылып келет.

Көчөлөрдө транспорттордун азайышынан сырткары, күн жылыгандан бери жер тамда жашагандар от жакпай калды. Бул дагы абанын тазарышына себеп болушу мүмкүн.

"Бишкек сегодня" Telegram-каналынын колдонуучулары ачык асманга көңүл бурушту.

Дагы бир колдонуучу кечээ тартылган сүрөт менен бөлүштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0