Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда ишке кирген сайттардын тизмеси

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүСпецпроект "Обучение планшетной грамоте" для людей старшего возраста в Москве
Спецпроект Обучение планшетной грамоте для людей старшего возраста в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус тууралуу көп берилүүчү суроолорго жооп алууга мүмкүнчүлүк берген чат-боттор жана башка платформалар бар экени айтылды.

БИШКЕК, 4-апр. – Sputnik. Кыргызстанда IT-штаб тарабынан коронавирус пандемиясына байланыштуу бир катар интернет ресурстар ишке киргизилди. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дастан Догоев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, вирустун дүйнөлүк экономикага, анын ичинде Кыргызстандын көрсөткүчтөрүнө тийгизген таасирине байкоо салуучу продукт, коронавирус тууралуу көп берилүүчү суроолорго жооп алууга мүмкүнчүлүк берген чат-боттор жана башка платформалар бар.

Алар:

Подготовка к открытию Петербургского экономического форума - Sputnik Кыргызстан
Догоев: 400 IT-адиси бекер иштеп, Республикалык штабга жардам берүүдө
Өлкөдөгү коронавирус инфекциясына байланыштуу акыркы маалыматтар жайгаштырылып жаткан интернет-ресурс — covid.gov.kg;

Оорунун коркунуч жаратуучу белгилери пайда боло баштаган жаранга өз алдынча алгачкы диагностика жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген ресурс — hidoctor.kg.

Бишкек шаарынын комендатурасы менен биргеликте Бишкек шаарында өлкөнүн аймагында транспорт менен жүрүүгө электрондук уруксат кагаздарын берүү системасы — hidoctor.kg1312.tunduk.kg.

Мындан тышкары, өнөктөштөр тарабынан укук коргоо органдарынын кызматкерлерине электрондук уруксат кагаздарын эсептөө үчүн 110 смартфон бөлүнгөнү белгиленди.

Коронавирус боюнча Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү абал боюнча тексттик баяндамадан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0