Догоев: 400 IT-адиси бекер иштеп, Республикалык штабга жардам берүүдө

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүПодготовка к открытию Петербургского экономического форума
Подготовка к открытию Петербургского экономического форума - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер коронавируска байланыштуу акыркы маалыматтар жайгаштырылып жаткан интернет-ресурстарын ишке киргизген.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Учурда Республикалык штабда 400 IT-адиси иштеп жатат. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Дастан Догоев брифинг учурунда билдирди.

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
COVID-19. Инкубациялык мөөнөттүн аякташы эмне үчүн кооптуу. Түшүндүрмө
Анын айтымында, түзүлгөн кырдаалдан улам Комитеттин базасында жеке сектордун катышуусу менен курамына атамекендик жана жалпы дүйнө жүзү боюнча 400 IT-адисинин башын бириктирген ыкчам IT-штаб түзүлгөн. Бул адистер өз ыктыяры менен жана акы төлөнбөгөн негизде иштеп жатышат.

Догоев IT-штабдын маанилүү багыттарынын бири Республикалык ыкчам штабдын ишине көмөктөшүү болуп саналарын белгилеп өттү.

Аталган адистер бир катар санариптик продуктуларды ишке киргизген. Алардын катарында өлкөдөгү коронавирус инфекциясына байланыштуу акыркы маалыматтар жайгаштырылып жаткан интернет-ресурстар бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0