Кыргызстанда жарандар обсервациядан чыга баштады. Режими кандай болот

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүОбсервациялык борбордогу бөлмө. Архив
Обсервациялык борбордогу бөлмө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийлик коронавирус жуктуруп алган алгачкы оорулуулар менен байланышта болгондордун инкубациялык мезгили аяктап жаткандыктан жарандарды сак болууга чакырууда.

БИШКЕК, 3-апр. – Sputnik. Бүгүн, 3-апрелде, айрым кыргызстандыктар обсервациядан чыгарыла баштады. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

"Обсервацияда 14 күн жатып анализи таза чыккандарды коё беребиз. Алар үйлөрүндө үй-бүлөлүк дарыгерлердин көзөмөлүндө дагы 14 күн болушат. Эгер ден соолуктары жакшы болсо үй обсервациясынын мөөнөтүн кыскартабыз", — деди министр.

Эске салсак, буга чейин бийлик коронавирус жуктуруп алган алгачкы оорулуулар менен байланышта болгондордун инкубациялык мезгили аяктап жаткандыктан жарандарды сак болууга чакырган.

Коронавирустун кесепети

АКШ доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөлүк банк Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө 12 млн. доллар бөлөт
Кыргызстанда 130 адам коронавирус жуктурганы аныкталган. Анын ичинен бешөө айыгып чыккан. Каза болгон бейтаптан тышкары төрт адам оор абалда жатат, бирөө жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0