Бишкек мэриясы: жылуулук берүүнү 4-апрелден тарта токтотуу пландалууда

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүКиши жылуулук батареясыны кармап турат. Архив
Киши жылуулук батареясыны кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жылуулук сезону 19-мартта бүткөн. Бирок коронавируска байланыштуу жана аба ырайынын өзгөргөнүнөн улам 24-мартта жылуулук кайрадан бериле баштаган.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Бишкекте жылуулук берүүнү 4-апрелден тарта токтотуу пландалып жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине шаардык мэриядан кабарлашты.

Кыз колун жылуулук батареяда жылытып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекке кайрадан жылуулук берилмей болду. Себеби
Муниципалитеттен билдиришкендей, чечим кабыл алынган, эми буйрукка мэр Азиз Суракматов кол коюшу керек.

Белгилей кетсек, мэриянын ыкчам штабы коронавирустун жайылышына бөгөт коюу максатында жана аба ырайынын өзгөргөнүнөн улам 24-мартта кайра жылуулук берип баштаган. Сезон 19-мартта бүткөн.

Бүгүн "Бишкек жылуулук тармагы" кечкисин суук болуп жаткандыктан жылуулук өчүрүлбөй жатканын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0