Ишембиге карата аба ырайы

© Фото / Михаил ДудинТоктогулдук суу сактагычка көрүнүш. Архив
Токтогулдук суу сактагычка көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
4-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, жолдор тайгак болот.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. 4-апрель, жума күнү, күндүз републиканын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Жылуулук батаресясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жылуулук эмнеге өчүрүлбөй жатканы боюнча түшүндүрмө
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +19…+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20...+25, Ысык-Көл өрөөнүндө +11...+16 жана Нарын аймагында +10…+15 градус жылуу болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +22...+24 жана Ош шаарында +23...+25 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0